AUCA the best 2

2025-10-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

 

Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, тышкы дүйнө жаңылыктарга дыкат көңүл буруп, аны менен ар дайым байланышта болушканын, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсызданууларын билдирип турушканын айтты. Ал БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, ошондой эле элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө маалымат берди. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө БУУнун жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнө Кыргызстан үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын сактоо менен улуттук саясий күчтөрдүн ортосундагы кеңири саясий диалог аркылуу укуктук талаага тез арада кайтып келүү маанилүү экендиги билдирилди. Мындан сырткары, учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер укуктук талаада көрүлүп жаткандыгы белгиленди. Тараптар, ошондой эле, Кыргыз Республикасында кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Чыңгыз Айдарбеков ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү бардык өкүлчүлүктөрү учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө кабыл алуучу өлкөнүн расмий бийликтерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына, ошондой эле учурдагы кырдаалды укуктук талаада жөнгө салуу максатында көрүлүп жаткан чараларга көңүл буруп жаткандыгын маалымдады. Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерин колдошорун, ошондой эле зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосун ыраазычылык менен баса белгиледи. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2