2024-12-22
Түрмөк
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 38 миллионго жакындады
Учурда дүйнөдө 37 707 331 киши коронавирус жуктуруп алды. Илдет 205 өлкөдө катталган.
Коронавирустан 1 085 019 адам каза таап, 28 218 103 киши айыкты.
Оорулуулар АКШда эң көп катталды – 7 988 235. Андан кийин Индия – 7 119 300, Бразилия – 5 095 586, Орусия – 1 298 718, Колумбия – 902 747.
Белгилей кетсек, ооруну жуктуруп алгандардын саны Индияда тездик менен өсүүдө - бир суткада 70 миңден ашык жаңы учур катталып жатат. Ал эми АКШда сутка ичинде - 45 миңдин тегерегиндеги жаңы учур аныкталууда. Андан сырткары, Франция, Орусия жана Улуу Британияда да бейтаптардын саны өсүп, бир суткада 15 миңден ашык учур катталып жатат.