2024-12-22
Түрмөк
Бутта ыйлаакчалар пайда болот. Коронавирустун жаңы симптомдору
Улуу Британия окумуштуулары коронавирустун жаңы үч симптомдорун аныкташты: бутта ыйлаакчалардын пайда болушу, булчуңдардын оорушу жана аябай чарчоо. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.
Адистер симптомдор кишинин жашына жана организмдин өзгөчөлүгүнө карай ар кандай түрдө пайда болушу мүмкүндүгүн айтышат. Учурда Улуу Британияда коронавирус жуктуруп алуунун негизги үч симптому расмий кабыл алынган: дене табынын жогорулашы, жөтөл жана даам сезүүнүн жоголушу.
Август айында америкалык окумуштуулар 55 миң бейтаптын абалын текшерип көрүп, коронавирус жуктуруп алган учурда дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, кусуу, чарчоо жана ич өтүү симптомдору пайда болорун аныкташкан.