AUCA the best 2

2025-10-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Айыл чарбада ийгилик жараткан Аллаяр Бостонов

Айыл чарба багытында ийгилик жаратып, "Кыргыз ЭКО продукт" ишканасын түптөп, бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жаткан Аллаяр Бостонов ийгилиги менен бөлүштү. 

"Мамлекеттик деңгээлде ар бир айыл өкмөттөргө логистикалык борборлорду, калктын өндүргөн продукциясын сатып алуу жана муздаткычта сактап берүү борборлорун уюштуруу... Ар бир үй-бүлөнүн жеке менчик жана үлүш жерлерине аталган система менен айыл чарбасын өнүктүрүүнү мобилдүү жайылтуу... Көп жылдык тажрыйбама негизделип, бул багытта элге абадай керек болуп турган долбоорлорумду сунуш кылам.

20 жыл мурда үй-бүлөбүз менен какыраган талааны өздөштүрүп, түтүк аркылуу суу тартып, коңшу өлкөдөн тез мөмө берүүчү көчөттөрдү алып келип тиккенбиз. Чет өлкөдө түрдүү тренинг, семинарда үйрөнгөн ыкмалар менен суу топтоочу резервуар орнотуп, тамчылатып сугарууну өздөштүрдүк. Биз өстүргөн бак мөмө бере баштагандан кийин “Кыргыз ЭКО продукт” ишканасын түптөп, үй-бүлөлүк бизнеске айланттык. Демек агрардык тармакка көңүл буруп, ишти мамлекеттик деңгээлде уюштуруп, ар бир үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтсөк болот.

Ошондой эле, Кыргызстанда өскөн мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдорду курууну мобилдештирүүнү сунуштайм.

Учурда биз иштеткен завод гилас, өрүк, алма, помидор, бадыраң жана башка мөмө-жемиштердин ширесин жана вареньесин консервациялап, 36 түр продукцияны ички рынокко жана чет жакка экспорттоп жатабыз. Биздин продукция сапаты жагынан Кыргызстандагы жана бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон", - дейт Аллаяр Бостонов. 

АЛЛАЯР БОСТОНОВДУН ӨМҮР БАЯНЫ

Аллаяр Бостонов 1989-жылдын 10-августунда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. Ош шаарындагы “Себат” лицейинде билим алган. Жогорку билимди Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинде алып, экономика факультетин ийгиликтүү аяктаган.

2011-2013-жылдары “Лаперуза”, андан соң “Нур-Ойл” ишканасында менеджер болуп иштеген.

2013-жылы мөмө-жемиш ташуучу менчик ишкананы түптөп, эл аралык каттамга жол ачкан.

2015-жылдан бери айыл чарба багытында натыйжалуу иш алып барып, “Кыргыз ЭКО продукт” ишканасын жетектеп, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келет.

АЛЛАЯР БОСТОНОВДУН МАКСАТЫ

  • Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарбасын дүйнөлүк рынокко алып чыгуу программасын иштеп чыккан;
  • Эң эле биринчи калкты сапаттуу азык менен камсыздап, өлкөдө таза экосистеманы орнотуу;
  • Дыйкандардын чарбасын кеңейтип, каржылык көз карандысыздыкка жеткирүү;
  • Айыл чарба продукциясын инновациялык жол менен өндүрүүнү колго алуу;
  • Экспорт маселесин чечүү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2