AUCA the best 2

2024-05-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

VII чакырылышка талапкерлерди тааныштырабыз: “Мекеним Кыргызстан”

“Керээз” басылмасы алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай талапкер партияларды тааныштырууну баштайт. Кечээ алгач шайлоонун дебютанты болгон “Биримдик” партиясы жөнүндө маалымат бергенбиз.

Экинчи болуп дагы бир жаш партия “Мекеним Кыргызстан” тууралуу маалымат бермекчибиз.

Тарыхы

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды.

Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.

2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды.

Партиянын жаңыланган саясий кеңешинин курамына депутаттар Каныбек Иманалиев менен Марлен Маматалиевдер киришти. Бул башкаруучу органдын дасыккан, тажрыйбалуу саясатчылар менен толукталганынан кабар берет. Эки эл өкүлү тең парламенттин мүчөсү катары активдүүлүгүн көргөзүп, кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын сактоого, элдин руханий азыктарын байытууга жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аларды ишке ашыра алышты.

Алдыдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңыланган курам менен барууга белсенип турат. Мындан сырткары партия мүчөлөрү Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ат салышат.

Программасы

Максаты – Өнүккөн рынок экономикасымененсоциалдыкбагыттагымамлекеткуруу

Бир сап менен:

  • Ар биржарандынжашоошартынжакшыртуу.
  • Тышкысаясат: “Мекеним Кыргызстан”евразиялыкжанатереңрегиондукинтеграциягабагытталганстратегиялыккурстуколдойт.
  • Коррупциягакаршыкүрөш: мамлекеттиккызматкөрсөтүүтармагын 2025-жылга чейинтолуксанариптештирүү. Бажыкөзөмөлүмененсалыккызматындагыпроцесстердиначыктыгыжанаавтоматташтырылышы. Коррупциялыктобокелдиктердиминималдаштыруугабагытталгансоттук-укуктуксистеманыреформалоо.
  • Чек ара: мамлекеттик чек аралардыделимитациялоожанадемаркациялоомаселелерибоюнча комиссия туруктуунегиздеиштөөгөтийиш.
  • Ыктыярчылар: ыктыярчыларкүнүннегиздеп, алардынаракетинмамлекет ар тараптанколдоогоалуусукерек.
  • Инфраструктураныөнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстантемиржолунункурулушунтездетүүнүколдоо. Нарындажергиликтүүэлдинмакулдугумененирилогистикалыкборборачуу, эл аралыкишенимдүү инвестор мененбиргеликте «Манас» аэропортундажүкташуучуборбордукуруу. Республикадагыаэропорттордукалыбынакелтирүүбоюнчаинвестициялык программа.
  • Салык: «Бирөлкө – бирсалык» принцибинкиргизүү. Башкачаайтканда, бардыксалыктардыжоюп, ишкерликжүгүртүүгөсалынганбирганасалыктыкалтыруу.
  • Административдик-аймактык реформа: бешжыларалыгындаоблустардыжоюп, райондордуирилештирүүжанаүчбаскычтуубашкаруугаөтүү: республика – аймак – айыл.

Төмөндө партиянын тизмесиндеги алдыңкы 5 талапкер тууралуу кенен маалымат берүүнү чечтик.

№1 Мирлан Бакиров

Жашы – 45
Кичи мекени – Базар-Коргон району
Билими – Экономист
Акыркы ээлеген кызматы –Жогорку Кеңештин төрагасынын орун-басары.

Мирлан Бакиров экономика багытында билим алып, эмгек жолун элет жеринде баштаган – Жалал-Абад облусунун салык кызматтарында. Депутаттык мол тажрыйбага ээ: 2010-жылы (“Репсублика” менен) жана 2015-жылы (“Өнүгүү-Прогресстин” курамында) катары менен 2 ирет ЖКга шайланган. 6-чакырылышта төраганын орун-басары болуп иштеген. Үлгүлүү үй-бүлө кжоюну, 4 баланын атасы.

№2 Улан Садалиев

Жашы – 40
Кичи мекени – Сокулук району
Кесиби – Юрист
Акыркы ээлеген кызматы – Сокулук районунун акиминин орун-басары

Улан Садалиев ИИМ тармагында такшалган мыкты кадрлардын бири. Эмгек жолун 1998-жылы ИИМ Академиясынын курсанты катары баштаган. Андан соң көп жылдар бою Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп тажрыйбасын арттырган. 2014-жылы Новопоавловка айыл өкмөтүн жетектеп баштап, мамлекеттик башкаруу кызматына аралашат. Депутаттыкка талапкер болгонго чейин Сокулук районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген. Кыргыздын бычакка сап, кеелечектен көптү үмүттөндүргөн жигиттеринин бири.

№3 Ибрагим Жунусов

Жашы – 59
Кичи мекени – Кара-Суу району
Кесиби – Музыкант
Акыркы ээлеген кызматы – КРнын Өзбекстандагы Элчиси

Ибрагим Жунусовду ким билбейт? Алгач ырчылыкты өнөр тутуп, композитор катары элге таанылган таланттуу мырза 2010-жылдан тарта өлкөбүздүн коомдук турмушуна да активдүү аралаша баштаган. Министр, Элчи катары тажрыйбалары бар. Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Эл артисти наамына арзыган.

№4 Татьяна Кузнецова

Жашы – 46
Кичи мекени – Чүй облусу
Кесиби – Тарыхчы
Акыркы ээлеген кызматы – Бишкектин вице-мэри

ЖОЖдо тарых факультетинде билим алып, эмгек жолун түрдүү муниципиалдык ишканаларда баштаган Татьяна айым кийинчерээк окуу жайларда окутуучу да болуп иштеген. Бул арада шаар башкарууда мол тажрыйба топтоого жетишкен.

№5 Бакытбек Дүйшөмбиев

Жашы – 48
Кичи мекени – Жети-Өгүз району
Кесиби – Экономист
Акыркы ээлеген кызматы – Бишкектин вице-мэри

Барскоондо төрөлүп-өскөн Бакытбек мырза Айыл-чарба институтунда билим алган. Талыкпас эмгегинин арты менен “Бишкексууканалды” жетектеп, “Манас” аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү да болгон. Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн абдан жакшы билет. Анткени борбор калаанын мэриясында 15 жыл эмгектенди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2