2024-12-22
Түрмөк
“Мекеним Кыргызстан” медицина тармагын өзгөртүү концепциясын сунуштады
Партиядан билдиришкендей, медицина тармагы реформага муктаж.
Саясий бирикменин пикиринде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги көйгөйлөр:
– мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы;
– эскирген инфраструктура;
– тейлөө сапатынын начардыгы;
– атаандаштыктын төмөндүгү;
– башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы;
– расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү.
Ушуга байланыштуу “Мекеним Кыргызстан” саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл.
Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти.
Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат.
Партиянын сунушу:
– Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон;
– Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек;
– Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл;
– Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз;
– Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз;
– Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу;
– Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт.