AUCA the best 2

2025-12-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

БШК “Бүтүн Кыргызстанды” четтетти, Мадумаров эл күрөшкө чыгыш керек деди

Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салды.

Жыйында БШКнын көпчүлүк мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна каршы добуш беришти. БШКнын 9 мүчөсү аталган партияны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алса, 2 мүчөсү каршы добуш берди. Жыйынтыгында БШКнын иш тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон өткөрбөөнү туура көрүштү. Партиянын съездиндеги катталган тизме менен БШКга тапшырган талапкерлердин тизмесинде айырмачылыктар болгону мындай чечим чыгарууга түрткү болгонун БШКнын мүчөсү Медина Кутбердиева билдирди.

Эске салсак, буга чейин экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу БШКдан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон баш тартууну талап кылган. Анын айтымында партиянын лидери Адахан Мадумаров тизменин катарын өзгөртүп, андан Турсунбай Бакир уулун алып салган. Бирок, БШК Бакир уулунун суранычын канааттандырбай ага сотко кайрылып,  партиянын ичиндеги пикир келишпестиктерди сот аркылуу чечишип алууну сунуштаган.

Мындай чечимди партиянын лидери Адахан Мадумаров мыйзамсыз деп баалады. “Биз мыйзамдуулук, ынтымак деп келип ушул күнгө жеттик. Мен бүгүн бул өлкөдө мыйзам менен эч нерсеге жетише албайсың дегенге терең ищендим. Эми эл өз тагдыры, өз укугу, өз келечеги үчүн күрөшкө чыгыш керек. Сот, мыйзам менен эч нерсеге жетише албаган өлкөгө айландык. Бүгүн БШК аны далилдеди. Атыр Абдрахматова канчалык какшап, жок дегенде токтомуңарды көрсөткүлөчү десе да көрсөтпөй коюшту. Колунда жок токтомго кантип добуш берсе болот? Мыйзамды БШК одоно түрдө бузду. Ошол жумушчу топтун мүчөсү, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев жумушчу топтун жыйынына катышкан жокмун, кол койгон жокмун деп жатат. Анда булар кайсы токтомго добуш беришти? Партиянын 100 миңдеген колдоочулары бар. Алардын укугун ким коргойт? Эртеңден баштап ар бир Кыргыз жараны өз укугу үчүн өзү күрөшкө чыгыш керек”,- деди ал.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2