2024-12-22
Түрмөк
Кыргыз спорт коомчулугу “Мекеним Кыргызстанды” тандайбы?
Кыргызстандын белгилүү коомдук спорт ишмерлери менен спортчулары “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттанышууда.
Эң алгач эле партиянын мыкты жыйырмалыгынын (ТОП-20) катарына Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун киргени белгилүү болгон. Ал тизменин 13-орунунда жайгашкан. Көп өтпөй саясий уюмдун толук тизмеси жарыяланган соң тизмеде башка спорт адамдарынын орун алганын билдик. Алсак, Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов тизмеде 31-орунда турса, атактуу жеңил атлетика чебери Дарья Маслованын аты-жөнүн тизменин 56-орунунан көрдүк. Ошондой эле белгилүү кикбоксчу Шайлообек Атазов (42-орунда) да дал ушул партия менен депутаттыкка ат салышып жатат.
Ушундан улам кыргыз спорт коомчулугу өз тандоосун жасаганбы деген ой жаралат. Эмнеси болсо да, алдыда жаңы түптөлчү парламент спортко көңүл буруп, жаңы спорттук мыйзамдарды кабыл алса болгону дешет ата мекендик спорт күйөрмандары.