AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Исмаил Матраимов" фондунун пандемияда жасаган иштери (2-бөлүк)

Пандемия күч алганда Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканалар ачыла баштады. 

Пандемиянын эпкини күч алып, калк массалык түрдө илдеттен жабыркай баштаганда Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачууну колго алды. «Rixon» мейманканасынын базасында 60 орундуу оорукана ачылып, мейманкананын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулду. 

Бул жерде 30 күндүн ичинде 1222 адамдын өмүрү сакталып калды. Мындан сырткары, «Эльдорадо» соода борборунун аймагында да стационар ачылган. Ал оорукана 200 адамга ылайыкталган. Ошто болсо «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында 35 орундуу оорукана ачылып, эгерде ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан учурда «EREM» спорткомплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр экендигин билдирет.

Бул убактылуу ооруканаларда фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулууларды айыктыруу үчүн бардык шарттарды түзүп, ар бир ооруканада жандандыруу бөлүмү ачылган.

Бул жерлерге Райымбек Матраимов 10 жасалма дем алдыруучу аппарат, 500 кычкылтек концентраторун, 2 портативдүү рентген аппаратын, 50 кандагы кычкылтекти текшерүүчү оксиметр, 200 дарыгерлердин коргонуучу кийимдерин сатып алган.

Андан тышкары дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы фонд тарабынан камсыздалган.

Кайрымдуулук фонддун өкүлү Искендер Матраимов вице-премьер Акрам Мадумаров атайын комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Саламаттык Сактоо министрлиги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алган.

Жогорудагы оорукана, стационарлар бардык шарттары менен болгондуктан бейтаптар бат айыга баштаган.

Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду бейтаптарды ооруканага жеткирүү чоң көйгөйгө айлангандыктан, тез жардам унааларын да берген. Мисалы, Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканасына тез жардам унаасы жеткирилген.

Андан сырткары көчмө рентгенди ишке киргизип, жер-жерлерди кыдырып калктын саламаттыгын текшерди. Мобилдүү топтун дарыгерлери элге түшүндүрүү иштерин да жүргүздү. Бул иш бардык облустарда, айрыкча аймактардын чет жакаларындагы айылдарда жүргүзүлдү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2