AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Исмаил Матраимов" фондунун пандемияда жасаган иштери (1-бөлүк)

Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду пандемия башталгандан бери элге тынбай жардам көрсөтүп келүүдө. 

Алгач карантин киргизилген күндөн тартып муктаждарга азык-түлүк таратылып, бет каптар берилип баштаган. Жалпысынан 2 миң тоннадан ашык ун, 100 тоннадан ашык өсүмдүк майы, 1 миллиондон ашык бет кап, 100 миңден ашык экспресс тест, миңге жакын жасалма дем алдыруучу аппараттар, коргоочу костюмдар, коргоочу көз айнектер, тез жардам унаалары сатып алынып, көчмө рентген кызматтары уюштурулуп, убактылуу стационарлар ачылган. Азык-түлүктөн 15 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилген. Ошондой эле, мамлекеттин эсебине акчалай жардам көрсөтүлгөн. Бул маалыматтар Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондунун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында чагылдырылып турган.

Фонд жардамдын бардык түрүн Кыргызстандын чет жакаларындагы аймактарга жиберүүгө басым жасаган. Жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып, ошол аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктап, керектүү азыктарды жеткирип, таратып турушту. Жардам даректүү болушу үчүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге да багытталган. Кайсы аймакта илдетти илештирген учур катталса, жардам багыты дароо ошол тарапка багытталып турган.  

Карантинде үйүнөн чыга албай отурган жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган жарандарга жана илдеттин кесепети менен күрөшүп иштеп жаткан дарыгерлерге да жардам түрлөрү бөлүнгөн. Мындан тышкары блокпосттордо турган кызматкерлерге дагы жардамдар көрсөтүлгөн.

Пандемия жарыялангандан кийин кыймылдар чектелип, айрым аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилгенде жардамдын өзгөчө түрлөрү көрсөтүлө баштаган.

Өзгөчө бет каптарды сатып алууда ата мекендик өндүрүшчүлөргө басым жасалган. Фонд ишканаларды өндүргөн товарынын сапаты менен наркынын туура келишине, уруксат кагаздарынын болушу жана цехтердин жайгашкан жери, даярдоо көлөмүнө жараша тандаган.

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду бул сыноодо жиберилген жардамдарды тиешелүү адамдарга таратып, калыс бөлүштүрүп берүүгө салым кошкон ыктыярчыларга, жергиликтүү мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирип, эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жардам берүүнү уланта берген. Көмөк көрсөтүү иштери бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө.

Март айынын аягында экспресс-тесттерди сатып алуунун көлөмү көбөйүп, жасалма дем алдыруучу аппараттар сатып алынып баштаган. Пандемия күч ала баштаган учурда миңден ашык жасалма дем алдыруучу аппараттардын түрү фонддун атынан жардам иретинде тиешелүү мекемелерге берилген. Мында, жандандыруу бөлүмдөрүнө басым жасалган.

Көпчүлүк жардамды таратууда Искендер Матраимов өзү коштоп барып жүрдү. Нарын облусуна барып, аймактын жетекчилери менен кеңешип, жардамды облустагы жашоо шарты катаал аймакта жашаган жакыр үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга таратып берүүнү макулдашып келген.

Мындан тышкары, Нарын шарында балдары шал оорусунан жабыркаган, үйүнөн жарым карыш чыга албаган энелерге дагы жардам көрсөтүү колго алынган.

Жергиликтүү бийлик жана фонддун ыктыярчылары ашууларга жааган карга карабай, элдерди кыдырып, даректүү жардамды үйүнө чейин жеткирип беришкен.

Фонд гуманитардык жардам көрсөтүү иретинде короновирусту кыска убакытта аныктоочу экспресс-тесттерди бөлүштүрүү үчүн эпидемиолог-дарыгерлер менен биргеликте жумушчу топ түзгөн.

Адамдын канындагы короновирустун илдетин аныктоочу 100 миңден ашык экспресс-тесттер алынды.

Пандемия күч алып турган мезгилде Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барды. Айрыкча, экспресс-тесттер боюнча кеңешип, эффективдүүлүгүнөн күмөн болгон тесттерди башкаларына салыштырып көрүп, сапаттуулары дүйнөдө тартыш болуп жаткандыгы аныкталат. Ошондой болсо да, фонд дүйнөлүк рынокто жетишсиз болуп турган тесттерди эң жогорку сапаттагы – төртүнчү муундагы тесттерди Германиядан бардык тастыктоочу тиешелүү сертификаттарын тиркеп алып келген.

Илдеттин кесепетин жоюуда дарыгерлердин зор салымын белгилеп, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду медицина кызматкерлерин да унутта калтырган жок. Айрыкча, аймактардагы дарыгерлерге коргоочу кийимдерди, көз айнектерди, бет каптарды жиберип турган. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2