2024-10-15
Түрмөк
1-сентябрь салык төлөөнүн акыркы күнү, кечиккендер 5000 сом айып төлөйт
Мамлекеттик салык кызматы эскертет: бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү.
Эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.
Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктардын төлөөгө чакырат. Аталган мекемеден билдиришкендей, салыкты убагында төлөй албагандарга кечиккендиги үчүн акчалай айып салынат. Жеке жактар 1000, юридикалык жактар 5000 сом айып төлөшөт.
Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.