2024-12-21
Түрмөк
Парламенттик шайлоо Коопсуздук кеңешинде каралууда
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда.
Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.