2024-12-26
Түрмөк
Бишкекте коомдук транспорттун иши калыбына келтирилди
Бүгүн, 1-сентябрдан баштап борбор калаанын коомдук транспорту (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) кайрадан эртең менен кечке чейин (графикке ылайык) тыныгуусу жок иштей баштайт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек мэриясы бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого жана беткап кийүүгө чакырат. Ошондой эле, мэрия унаанын салонунда санитайзерлердин орнотулушун, нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин көзөмөлгө алат.
Коомдук унаанын иши жөнүндө төмөнкү номерлерден билүүгө болот:
Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын ишин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;
Тулпар: 582000, почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..