2024-12-21
Түрмөк
Эгемендүүлүк майрамы президенттин катышуусунда көрүүчүлөрсүз өтөт
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда иш-чара өтөт. Бирок, көрүүчүлөр болбойт.
Маалыматка ылайык, учурдагы кырдаалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта өтмөкчү. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган эмес. Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.
Саат 10:00дө башталган иш-чара бир саатка созулат. Ал эми кечки саат 22:00дө аянтта Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылат.