2024-12-30
Түрмөк
Диктор Актилек Гүлжигит кызы КТРКдан кетти
КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу жумуштан кеткени маалым болду. Ал башка долбоорлор менен иштеп баштаганына байланыштуу дикторлуктан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Белгилей кетсек, Актилек Гүлжигит кызы 2011-жылдан бери теле жаатында иштеп келет. Алгач Баткен облусундагы каналда, 2014-жылы КТРКнын Оштогу бөлүмүндө алып баруучу жана кабарчы болуп иштеген. 2016-жылы КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналында баяндамачы, 2018-жылдан тарта "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу болуп эмгектенип келген.