AUCA the best 2

2024-05-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Орус-украин согушуна Борбор Азиянын жарандарын тартуу - олуттуу маселе

Кремлдин Украинадагы атайын аскердик операциясы күтүлгөн максатына жетпей калганы ачыкка чыга баштады. Узакка созулуп жаткан согуш Путинди фронтко көбүрөөк аскер жиберүүгө, аларды толуктоо үчүн мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонууга мажбур кылууда.

 

Сүрөт: ЮНИСЕФ/ А.Скиба for The Globe and Mail 2022-жылдын 25-февралы. Киев, Украина

Орус бийлиги адам ресурсун жоготууну жана эң негизгиси, Орусиянын ичиндеги массалык нааразылык коркунучун азайтуу максатында орус жарандарын мобилизациялоону улам кийинкиге калтырууда. Анткени, Орусиянын калкы боордош эл менен болгон аскердик операцияга каршы жана ага катышууну каалабайт. Буга байланыштуу орус бийлиги Борбор Азиядан келген эмгек иммигранттарына кайрылып, аларды “атайын аскердик операцияга” катышууга тартууга аракет кылган. Борбор Азиядан келген иммигранттардын көпчүлүгү иштегенге уруксаты жок жана иммиграция эрежелерин бузуп жүргөндүктөн кайырмакка оңой илинет. Алар орусиялык укук коргоо органдары жана атайын кызматтардан коркуп, эч качан Украинадагы аскердик операцияга тартуу аракетине каршылык билдирип чыга алышпайт. Анын үстүнө “Вагнер” өңдүү орусиялык жеке жалданма компаниялар азыр социалдык тармактардын кыргыз, тажик жана өзбек сегменттери аркылуу Борбор Азиянын жарандарын (эмгек иммигранттарын эмес) тартууга аракет кылып жатышат. Жалпыга маалымдоо каражаттары орусиялык агенттердин Борбордук Азиянын жарандарын Украинадагы согушка азгыруу аракети күчөп жатканы тууралуу байма-бай  жазышууда. Бул көрүнүшкө каршы туруу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги кызматташып, маалымат алмашып турушу зарыл. Кызматка тартууга жана аскердик пропагандага каршы күрөшүү үчүн орус-украин согушуна катышуунун кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай аракеттер үчүн жазаны күчөтүү кажет.

Чет өлкөдөгү аскердик операцияларга катышуу көп мамлекеттердин кылмыш кодекстерин бузат. Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн айрым жарандары бөтөн өлкөдө жалданмачылык кылганы үчүн өз мамлекетинде узак мөөнөткө эркинен ажыратылганы белгилүү. Мындай көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын, жергиликтүү маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүнөн улам катталууда. Көпчүлүк ири суммадагы акча убадасына азгырылып, агрессиялык согушка катышуунун чыныгы кесепеттерин толук түшүнбөгөнү өкүнүчтүү. 

Борбор Азиянын жарандарын Орусия-Украина согушуна тартуу – дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн жана реакциясын талап кылган олуттуу көйгөй. Мындай көрүнүштү токтотуу жана аталган региондун жарандарын анын коопсуздугуна коркунуч туудурган, эл аралык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө доо кетире турган жаңжалдын таасиринен коргонуу үчүн биргелешкен күч-аракет керек.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2