2024-12-23
Түрмөк
Кара-Кулжада алгачкы чакан ГЭС ишке берилди
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда алгачкы "Буйга-1" чакан ГЭСи ишке берилди. Кубаттуулугу 400 кВт болгон кичи ГЭСти райондун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусунун нугуна “Энерджи Буйга” ЖЧКсы курду.
Чакан ГЭСтин курулушун демилгелеп, ишке ашырган Рамис Ыдырысовдун айтымында, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясына болгон муктаждыкты чечүү жана Кыргызстандын гидропотенциалын туура пайдалануу максатында аталган долбоор ишке ашырылды.
Ачылыш салтанатында КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан чакан ГЭСти курууну колго алган ички инвестор “Энерджи Буйга” ЖЧКнын жетекчиси Рамис Ыдырысовго ардак грамота берилип, белектер тапшырылды.
“Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСнин курулуш иштери 2021-жылы башталып, 2023-жылы бүткөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Алдыда “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо пландалууда.