AUCA the best 2

2024-12-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте футзал боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды

Бүгүн, 28 майда, футбол боюнча «Мурас» аттуу мелдештин финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында – 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7-3 эсеби менен жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган "Ден соолук" командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты "Президенттин командасы" командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду "Коопсуздук" командасы жеңип алды.

40 жашка чейинки оюнчулары бар командалардын ичинен "Билим" командасы биринчи орунду ээлеп, ага чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду 300 миң сомдук байге сертификаты менен "Журналисттер" командасы ээледи.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты "Спорт жылдыздары" командасы утуп алса, төртүнчү орунду жана 100 миң сомдук сертификатты “Өнөр” командасы алды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктап, эң күчтүү болгон "Ден соолук" командасы жеңгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул мелдешти уюштуруунун максаты — сергек жашоону пропагандалоо экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ар бир мелдеш сайын командалардын, оюнчулардын жана жеңишке умтулуунун духу көтөрүлүп жатканы кубандырат.

Президент Садыр Жапаров спорт ар бир адамдын жашоосунда болушу керектигин кошумчалады.

Ошентип, «Мурас» негизги мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун – «Ден соолук» командасы;

2-орун – «Спорттук федерациялар»;

3-орун – «Президенттин командасы»;

4 орун – «Коопсуздук» командасы.

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

Мыкты оюнчу – Алмаз Акун (Спорттук Федерациялар)

Мыкты бомбардир – Садыр Жапаров (“Президенттин командасы”)

Мыкты дарбазачы – Жолдошбеков Сейит (“Ден-соолук”)

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2