AUCA the best 2

2025-10-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мыйзамсыз иштегендер 11 млн сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарды

Бишкек шаардык прокуратурасы коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 2022-жыл ичинде жалпысынан 386 текшерүү жүргүзүп, 682 мыйзам бузууну аныктаган. Анын жыйынтыгында 11 758 305 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине акчалай түрдө кайтарылган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын ичинде: 346 бирдиктүү салык декларациясын өткөзүүдөгү бузуулар, 139  коррупцияга каршы аракеттенүү, 99 мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 82 мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 11 кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө жана 5 лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышында аныкталган бузуулар. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 519 прокурордук актылар келтирилген, анын ичинен: 25 каршылык билдирилген, 119 мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө сунуштама, 18 талап кылуу, 13 эскертүү келтирилген, 9 тартиптик  өндүрүш, 305 укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жана 28 кылмыш иши козголуп, 1 доо арыз берилип жана 1 укук бузуу өндүрүш иши боюнча кабыл алынган токтом жокко чыгарылган. Жогоруда актыларды кароонун жыйынтыгы менен 147 кызмат адамы тартиптик жана 238 кызмат адамы укук бузуу жөнүндө иш боюнча жоопкерчиликке тартылып, 11 758 305 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине акчалай түрдө кайтарылган.

Мисалы, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында (МИ) текшерүү жүргүзүлүп, 2020-2022-жылдар аралыгында аталган ишканада 69 984 600 сомдук товардык-материалдык запастардын (ТМЗ) жетишсиздиги аныкталды. 

Мында КРдин “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамынын 1, 7, 8-беренелерин жана КРдин Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы “Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө” 231-сандуу токтомунун 3, 6, 13, 35-пункттары бузулган. 

Такталгандай, көрсөтүлгөн мезгилде муниципалдык ишкананын кээ бир жумушчулары тарабынан эсепке түшкөн ТМЗды эсептен чыгаруу боюнча иштердин аткарылышы жөнүндө актыларды өз убагында берген эмес. Ошол эле учурда, муниципалдык ишкананын жооптуу адамдары жана жетекчилиги тарабынан ТМЗдын туура жүргүзүлүшүн жана алардын өз убагында эсепке алынышын камсыз кылуусун, ошондой эле алардын чыгымдалышына жана мыйзамдуулугуна системалуу контроль жүргүзүү максатында тастыктоочу документтерди атайылап талап кылбай, тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес. Жыйынтыгында, 2020-2022-жылдар аралыгында МИнын кампасынан ТМЗын өндүрүштүк максатта пайдалануу үчүн көзөмөлсүз жана негизсиз, эч кандай тастыктоочу документтерсиз, бухгалтерия жана негизги кампа тарабынан эч кандай эсепке алынбастан, ТМЗдын тийиштүү эсебин жүргүзбөстөн, алардын отчетторун эсепке албастан берилип, миллиондогон суммадагы ТМЗдын калдыктары бир жылдан экинчи жылга өтүп келе берген.

​Ошентип, «Бишкекжарык» МИнын жетекчилиги жана айрым адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, КРнын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын ТМЗын эсепке алуусун жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүсүн атайылап камсыз кылышкан эмес. Мындан тышкары, ишкананын кампасынан ТМЗтар көзөмөлсүз жана негизсиз, эч кандай тастыктоочу документтери жок эле жана анын эсебинде миллиондогон акча каражаттарынын калдыктарына карабастан, аткарылган иштердин актыларын албай туруп, эсептен чыгарбастан жана контролсуз берилип келген. Натыйжада, жалпысынан 69 984 600 сомдук ТМЗдын жетишсиздигине (уурдоо же жоготуу) жол берген жана ошол себептен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

​Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, 2022-ж. 28-октябрында Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөл., 210-беренесинин 4-бөл. 1,2-пунктары менен кылмыш иши козголду. 

Бишкек шаарынын прокуратура органдарынын иштери, эң биринчи кезекте прокурордук көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө, баардык чөйрөдөгү, анын ичинде укуктук актыларды кабыл алуудагы мыйзам бузууларды алдын алууга, прокурордук чаралардын эскертүүчү таасирин күчөтүүгө, кечиктирбестен киришүүнү талап кылган системалуу мүнөзгө ээ болгон мыйзам бузууларды аныктоого багытталган.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2