AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Бишкекжарыкта" 69 млн сомдон ашык жетишсиздик аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында (МИ) текшерүү жүргүзүлүп, 2020-2022-жылдар аралыгында аталган ишканада 69 984 600 сомдук товардык-материалдык запастардын (ТМЗ) жетишсиздиги аныкталды.

 

Мында КРдин “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамынын 1, 7, 8-беренелерин жана КРдин Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы “Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө” 231-сандуу токтомунун 3, 6, 13, 35-пункттары бузулган. 

Такталгандай, көрсөтүлгөн мезгилде муниципалдык ишкананын кээ бир жумушчулары тарабынан эсепке түшкөн ТМЗды эсептен чыгаруу боюнча иштердин аткарылышы жөнүндө актыларды өз убагында берген эмес. Ошол эле учурда, муниципалдык ишкананын жооптуу адамдары жана жетекчилиги тарабынан ТМЗдын туура жүргүзүлүшүн жана алардын өз убагында эсепке алынышын камсыз кылуусун, ошондой эле алардын чыгымдалышына жана мыйзамдуулугуна системалуу контроль жүргүзүү максатында тастыктоочу документтерди атайылап талап кылбай, тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес. Жыйынтыгында, 2020-2022-жылдар аралыгында МИнын кампасынан ТМЗын өндүрүштүк максатта пайдалануу үчүн көзөмөлсүз жана негизсиз, эч кандай тастыктоочу документтерсиз, бухгалтерия жана негизги кампа тарабынан эч кандай эсепке алынбастан, ТМЗдын тийиштүү эсебин жүргүзбөстөн, алардын отчетторун эсепке албастан берилип, миллиондогон суммадагы ТМЗдын калдыктары бир жылдан экинчи жылга өтүп келе берген.

​Ошентип, «Бишкекжарык» МИнын жетекчилиги жана айрым адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, КРнын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын ТМЗын эсепке алуусун жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүсүн атайылап камсыз кылышкан эмес. Мындан тышкары, ишкананын кампасынан ТМЗтар көзөмөлсүз жана негизсиз, эч кандай тастыктоочу документтери жок эле жана анын эсебинде миллиондогон акча каражаттарынын калдыктарына карабастан, аткарылган иштердин актыларын албай туруп, эсептен чыгарбастан жана контролсуз берилип келген. Натыйжада, жалпысынан 69 984 600 сомдук ТМЗдын жетишсиздигине (уурдоо же жоготуу) жол берген жана ошол себептен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

​Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, 2022-ж. 28-октябрында Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөл., 210-беренесинин 4-бөл. 1,2-пунктары менен кылмыш иши козголду. 

Белгилей кетсек, коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 2022-жыл ичинде жалпысынан 386 текшерүү жүргүзүлүп, 682 мыйзам бузуучулуктар аныкталган, анын ичинде: 346 бирдиктүү салык декларациясын өткөзүүдөгү бузучулуктар, 139  коррупцияга каршы аракеттенүү, 99 мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 82 мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 11 кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө жана 5 лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышында аныкталган бузуулар. Аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 519 прокурордук актылар келтирилген, анын ичинен: 25 каршылык билдирилген, 119 мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө сунуштама, 18 талап кылуу, 13 эскертүү келтирилген, 9 тартиптик  өндүрүш, 305 укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жана 28 кылмыш иши козголуп, 1 доо арыз берилип жана 1 укук бузуу өндүрүш иши боюнча кабыл алынган токтом жокко чыгарылган. Жогоруда актыларды кароонун жыйынтыгы менен 147 кызмат адамы тартиптик жана 238 кызмат адамы укук бузуу жөнүндө иш боюнча жоопкерчиликке тартылып, 11 758 305 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине акчалай түрдө кайтарылган.

Бишкек шаарынын прокуратура органдарынын иштери, эң биринчи кезекте прокурордук көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө, баардык чөйрөдөгү, анын ичинде укуктук актыларды кабыл алуудагы мыйзам бузууларды алдын алууга, прокурордук чаралардын эскертүүчү таасирин күчөтүүгө, кечиктирбестен киришүүнү талап кылган системалуу мүнөзгө ээ болгон мыйзам бузуучулуктарды аныктоого багытталган.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2