AUCA the best 2

2025-12-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте эмгек миграциясындагы маселелер талкууланды

2023-жылдын 28-мартында Мигранттардын Эл аралык федерациясынын демилгеси менен Бишкекте “Эмгек миграциясы өлкөнү өнүктүрүү ресурсу катары” аталышында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдо тышкы эмгек миграциянын көйгөйлөрү талкууланып, мамлекеттик органдар үчүн аларды чечүү боюнча сунуштамалар жыйнакталды. Анда Кыргызстандын эмгек мигранттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерине басым жасалды. 

Иш-чарада аталган тема боюнча Мигранттардын эл аралык федерациясынын жетекчиси Лола Огонбаева жана КРдин Жогорку Кеңешинин алдындагы Мигранттар кеңешинин секретариатынын өкүлү Улан Ногойбаев доклад окушту. Л.Огонбаева кыргызстандыктардын эмгек миграциясынын келечегин баяндаса, У.Ногойбаев Кыргызстан үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү Россия менен Беларустан релокация кылуу маселелерине токтолду.

Тегерек столго катышкан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Аалы Карашев талкуунун жүрүшүндө бир нече сунуштарды киргизди.

Аалы Карашев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын жүрүү мөөнөтүн узартууну белгилеп, биримдиктин мүчөсү болгон жарандын картасын киргизүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылды. Мындай карта жарандар кайсы өлкөдө болгонунан көз карандысыз түрдө укуктарын теңдейт. Алсак, Кыргызстандын жарандарынын укуктары Россиянын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандарынын укуктары менен бирдей болуп калат. Ошондой эле аталган карта адамдардын жарандыгын тактаган жана QR-код менен жабдылган документтердин катарын толуктамак.

Аалы Азимовичтин айтымында, жеке бөлмө принциби боюнча эмгек мигранттары үчүн атайын адистешкен мобилдик тиркеме иштеп чыгуу кажет. Анда бардык эсептик маалыматтар сакталып, документтерди алуу, каттоого туруу боюнча кызматтар камтылмак. Бул өз кезегинде мигранттардын бирдиктүү маалыматтарынын базасын түзүүнү шарттап, алардын талаптарына оперативдүү жана комплекстүү түрдө жооп берүү жана көмөк көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары мындай маалыматтар базасы мамлекетибизге чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын так санын аныктоого жардам бермекчи,- деп белгиледи А.Карашев.

Экс-парламентарийдин пикиринде, эмгек мигранттарын инвестор катары таануу керек. Ал үчүн мигранттардын туулуп-өскөн аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн “1+1” программасын ишке киргизүү зарыл. Ага ылайык, эгер эмгек мигранты кичи мекенинде ишкерлик менен алектенүүнү чечсе, мамлекет зарыл болгон шарттардын баарын түзүп берүү (жер бөлүп берүү, электр түйүндөрүнө улануу, салык жактан жеңилдетүүлөр ж.б.) менен чектелбестен, мигрант жасап жаткан инвестициянын өлчөмүндө пайызсыз ссуда берет.

Ошондой эле ал чет өлкөлөрдө мекендештерибизге жумушка орношууга жардам берүүчу атайын борборлорду ачуу керек (мекендештерибиз көп эмгектегенген өлкөлөрдө). Мындай борборлор жумуш табууга, 2 апта аралыгында убактылуу күн кечирүү, каттоо, камсыздандыруу жана башка кызматтарды камсыздап берет.

Кыргызстандыктар көп эмгектенген өлкөлөрдө кайрылууларды каттоо жана оперативдүү түрдө жооп жана кеп-кеңеш берүү үчүн тынымсыз иштөөчү колл-борборлорду уюштуруу зарыл. Ал үчүн мигранттарыбыз иштеген өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен макулдашууларды түзүү керек.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2