2024-12-23
Түрмөк
Бишкекте миграция маселеси боюнча тегерек стол болот
2023-жылдын 28-март күнү Бишкектеги “Орион” мейманканасында “Эмгек миграциясы өлкөнүн өнүктүрүү ресурсу катары” аталышындагы тегерек стол болот. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы миграция кеңешинин колдоосу менен Мигранттардын эл аралык федерациясы өткөрөт.
Иш-чаранын максаты - тышкы эмгек миграциясындагы көйгөйлөрдү жана анын ар кандай этаптарын талдоо, аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Мамлекет жарандардын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү менен бирге алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын ачып, эмгек мигранттарынын ресурстарын Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин учурдагы жана мурунку чакырылыштарынын депутаттары, мамлекеттик органдардын, жеке мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлердин катышары күтүлүүдө.