2024-12-23
Түрмөк
Кытай гидроэнергетикалык компаниясы Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачты
Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Дэян шаарындагы гидроэнергетикалык жабдыктарды өндүргөн “ Deyang Dongsen Hydropower Equipment Co., Ltd” компаниясы Кыргызстанда расмий өкүлчүлүгүн ачты. Заводдун Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп Назарбек Муратов дайындалды. Эми кичи ГЭСтерди курууда Кытайдан Кыргызстанга жабдык алып келүүдөгү бардык көйгөйлөр колго алынат.
“Deyang Dongsen Hydropower Equipment Co., Ltd” кичи ГЭСтин жабдыктарын долбоорлоо, өндүрүү, орнотуу жана тейлөө боюнча Кытайдагы алдыңкы компания эсептелет. Завод Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын баалап, кызматташууну бекемдөө максатында расмий өкүлчүлүгүн ачуу чечимин кабыл алган.
Аталган заводдун Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп дайындалган Назарбек Муратов көп жыл энергетика тармагында эмгектенип, кичи ГЭСтерди курууда тажрыйбасы зор адис.