AUCA the best 2

2023-06-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ГЕОЛОГИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ "ГЕОЛОГИЯ-БАЛДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН" ФОТОСЫНАГЫН УЮШТУРАТ

Сынактын номинациялары:

  • Кадрдагы Геолог – геологдордун, геофизиктердин, геодезисттердин, гидрогеологдордун жана башка профилдик адистердин портреттери, иштөө учурундагы маанайын билдирген учурлар. Бул номинацияда катышуучу моделдик релизди берүүгө тийиш (сүрөттү жарыялоого моделдин макулдугу).
  • Геология пейзажы - биздин мекенибиздин геологиялык кереметтери.
  • Сыйкырдуу минерал - минералдардын жана тектердин сулуулугун чагылдырган сүрөттөр.

Сынактын негизги шарты:

Иштер Кыргызстандын аймагында, 2022-2023-жылдары тартылышы керек

Сынактын шарттары:

  • Сынактын катышуучулары - 10 жаштан 18 жашка чейин
  • Ар бир катышуучудан эң көп дегенде 3 сүрөт кабыл алынат (ар бир номинациясында бир жумуш кабыл алынат)
  • Сүрөттөр берилген номинацияга дал келиши керек

Фотосынака катышуу үчүн сынактын уюштуруу комитетине  белгиленген форма боюнча электрондук почтага жибериш керек – Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  жана  өздүк баракчага фейсбукка же инстаграмга сүрөттү жүктөп #геологияныөнүктүрүүфонду хэштег менен  белгилеп коюу керек 

Сүрөт автордун милдеттүү түрдө толтурулган анкетасы менен коштолушу керек.

Сүрөттүн авторунун Аты-жөнү

                                                                     

Автордун туулган жылы

 

Жумуштун аталышы жана кыска баяндамасы

 

Катталган номинация

 

Тартылган мөөнөтүү

 

Байланыш маалыматтары

(эл.дареги, тлф номери)

                                                  

 

Фотоматериалдарды берүү мөөнөтү саат 24: 00 чейин 14-март 2023-жыл

Сүрөт тартуу талабы:

  • көрсөтүлгөн номинацияга ылайык келүү
  • сюжеттин оригиналдуулугу
  • теманы ачууда чыгармачылык
  • сүрөттөр түстүү да, ак-кара да болушу мүмкүн
  • формат: JPG, JPEG, 300 dpi
  • файлдын көлөмү: 5 Мб ашык эмес
  • санариптик тууралоолорго жол берилет, бирок сүрөттү санарип менен иштетүү сүрөттүн мазмунун бурмалабашы керек.

Сынакка сүрөттөр кабыл алынбайт, эгер:

  • идентификациялык белгилери менен болсо
  • коллаждарга жана жасалма окшоштурулган сүрөттөргө жол берилбейт
  • начар сапаттагы

Сынактын талаптарын жана шарттарын сакталбаган учурда, сүрөт сынактан чектеттилет.

Катышуучу жарыяланган чыгармага өзүнүн авторлугуна сөзсүз кепилдик берет. Көрсөтүлгөн сүрөткө карата үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир дооматтар пайда болгон учурда, ал сынактан алынат жана пайда болгон чыр-чатакты чечүү боюнча милдеттенмелерди сынактын катышуучусу гана тартат.

Фотосынак катышуучулары конкурсту жайылтуу максатында уюштуруучуга сынака берилген   сүрөттөр пайдалануу укугун автоматтык түрдө берет.

Фотосынак жеңүүчүлөрүн аныктоо калыстар тобунун жыйынында добуш берүү учурунда жүргүзүлөт.

Тандалган сүрөттөр кошумча аныктыгы жана сынактын талаптарга жооп бергендиги текшерилет, эгерде сүрөт кошумча аныктыгын жана сынактын талаптарын текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, анда ал сынактын финалисти статусун алат. Эгерде сүрөт финалист статусуна ээ болсо, бирок кийинчерээк автор сынактын талаптарын бузгандыгын көрсөткөн жагдайлар ачылса, анда чыгарма финалист статусунан ажыратылат.

Финалга чыккан сынактын катышуучулары менен байланыш телефону боюнча жыйынтык чыгаргандан кийин 3-5 жумушчу күндүн ичинде кабарланат.

Сынактын финалисттерине дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.

Сынактын катышуучуларына катышуу тууралуу сертификаттар тапшырылат.

Сыйлоо:

Сынактын номинациялары

Байгелүү орундар

1-оорун

2-оорун

3-оорун

Кадрдагы Геолог

5000 сом

3500 сом

2000 сом

Геология пейзажы

5000 сом

3500 сом

2000 сом

Сыйкырдуу минерал

5000 сом

3500 сом

2000 сом

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи геологдор күнүнө арналат.

Фотограф катары өз талантыңызды көрсөтүүгө чакырабыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

Айгүл Атабекова депутаттык мандат алды

Бишкекте футзал боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды

Футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады

Бишкекте билим берүүнү реформалоого арналган тегерек стол болду

Мыйзамсыз иштегендер 11 млн сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарды

"Бишкекжарыкта" 69 млн сомдон ашык жетишсиздик аныкталды

В Бишкеке пройдет презентация фотоэнциклопедии "Дикая природа Кыргызстана"

Эльнура Осмоналиева стала председателем "Женской Лиги ЦА"

В Бишкеке состоится большой гала-концерт "Шедевры мирового балета"

"Геология балдардын көзү менен" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Баткендик окуучулар эл аралык сынакта алдыңкы орунду ээледи

"Заманбап" фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Экс-депутат Жогорку Кенеша Аалы Карашев считает, что введение карты гражданина страны – участника ЕАЭС повысит права наших трудовых мигрантов

Бишкекте эмгек миграциясындагы маселелер талкууланды

Бишкекте миграция маселеси боюнча тегерек стол болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2