AUCA the best 2

2024-04-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Techno Women Kyrgyzstan 2023

Өткөн ишембиде, 28-январда Борбор Азиядагы Америкалык университети Кыргызстанда жаңы аялдар кыймылын жар салган – Techno Women Kyrgyzstan 2023 аталышындагы ири иш-чара өткөрдү. Анын башкы миссиясы – жогорку технологиялар тармагында аялдар менен кыз-келиндер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.


Күн нурун чачкан ишемби күнү БААУда иш-чаранын катышуучулары чогулушту. Окуу жайдын кире беришинде катышуучуларды аялдар тарабынан жасалган саймалардын, инсталяциялардын жарманкеси тосуп алды. Анын баарын көрүп гана тим болбостон, сатып алууга да мүмкүн болду.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн КРнын Президентинин администрациясынын санариптик өнүгүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Буржуев ачып, Techno Women Kyrgyzstan саамалыгынын катышуучуларына Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын кайрылуусун жеткирди. “Бакыт – бул кандайдыр-бир даяр эмес, а өзүңөр жасаган нерсе. Ал эми аны жасоо үчүн үлгү, колдоо жана ишеним керек. Андыктан бул коомчулук жогоруда саналгандардын баары боло турган аянтчага айланарына ишенем. Сиздер стереотиптерди талкалап, тарыхты жазуудасыздар”,- деп айтылат кайрылууда.


Андан ары иш-чараны БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү Айжан Чыныбаева улантты. Ал чогулгандардын баары менен, тактап айтсак, катышуучулар, спикерлер, ыктыярчылар, уюштуруучулар тобу жана Кыргызстанды Биринчи айымы менен жылуу учурашып, аталган иш-чарага колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Жылуу учурашуудан кийин ал аялдардын лидерлигинин маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын спикерлери жогорку технологиялар тармагындагы Кыргызстан менен Казакстандын атактуу инсандары болушту. Иш-чарага катышуу үчүн Techno Women Kazakhstan коммерциялык эмес уюмунун президенти Азиза Шужеева АКШдан атайын учуп келди. Өз сөзүндө ал Борбор Азиянын прогрессивдүү аялдарынын ассоциациясынын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги жөнүндө баяндап берди. Андан соң Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин министринин орун басары Индира Шаршеновна Жанусакова сахнага чакырылып, TechnoWomen Kyrgyzstan кыймылын жаратуу тууралуу меморандумга кол коюлду!


Халык Банк Кыргызстан банкынын башкармалыгынын төрагасы, TechnoWomen Kyrgyzstan кыймылынын башкы демилгечиси Алия Чыныбаева санариптик технологиялар тармагындагы өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, мисал түрүндө Халык банк пластиктен кантип арылып жаткандыгы жана санариптештирүү багытында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу айып берди. Дал сахнанын өзүндө айтылуу Сабинанын макарунсылары виртуалдуу картасы бар катышуучуларга 1 сомдон сатылды. Ал ошондой эле төмөнкүгө токтолду: “Халык банк Кыргызстанда 2004-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана санариптик технологияларга өткөнгө чейинки 16 жыл аралыгында кардарлардын саны болгону 60 миңди түзгөн. Биз трансформацияны баштагандан кийин 150 миң кардарды катарыбызга тарттык”.
Иш-чара коомчулуктун чоң кызыгуусун туудурду. БААУнун форуму толуп ташты. Буга албетте спикерлер себепчи. Анткени алар ар кандай тармактарда эмгектенишет жана өз тажрыйбалары менен чын жүрөктөн бөлүшүштү. Алардын катарында Codify IT компаниясынын башкы директору Динара Руслан, It-run`дын негиздөөчүлөрүнүн бири Наргиза Джакыпова, Kazpost Digital`дын башкы директору Асем Нургалиева, санариптик трансформация тармагында эксперт Джанара Изимова, Google`дун технолог аялдарынын элчиси Жаркын Щеглова, мекеменин архитектору Лаура Саламат, Халык Банк Кыргызстан банкынын IT боюнча директору Асель Марченко, “Отбасы” банкынын (Казакстан) башкармалыгынын төрайымы Эльмира Распекова, Documentolog`дун башкы директорунун орун-басары Мадина Дусмагамбетова, IT-стартаптарынын негиздөөчүсү, БААУнун бүтүрүүчүсү Даяна Асанова, Namba One`дын башкы директору жана түптөөчүлөрүнүн бири Нора Азыгалиевалар болду.
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин уюштуруучулар TechnoWomen Kyrgyzstan`дын туулган күнүнө карата тортту салтанаттуу түрдө кесип, даам сызышты жана катышуучулар менен биргеликте жалпы сүрөткө түшүштү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2