2024-12-23
Түрмөк
Өзгөндүн Большевик айылында жаңы мектеп ачылды
Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагындагы Большевик айылында жаңы курулган Эшматов атындагы орто мектептин ачылышы болду. Жаңы мектеп курууну Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев демилгелеп, Саудиялык өнүктүрүү фонду каржылады.
Мектеп 225 орундуу болуп, бардык шарттары менен салынган. Курулуш иштери 2020-жылдын февраль айында башталып, пандемияда убактылуу токтотулган эле.
Эскерте кетсек, буга чейин Большевик айылында атайын мектеп үчүн салынган имарат болгон эмес. Окуучулар эски сарайды ыңгайлаштырып окуп келишкен.