AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жашасын кыргыз-казак достугу. Токаев кыргыз ишмерлерин сыйлады

2022-жылдын 14-декабрында Улуттук тарых музейинде 16-декабрь – Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар кыргызстандык ишмерлерге сыйлыктарды жана Ардак грамоталарды тапшыруу салтанаты өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, кыргыз жана казак элине таанымал коомдук ишмерлер, кыргыз жана казак маданияты менен искусствосунун өкүлдөрү, китеп сүйүүчүлөр катышты.

Кылымдарды карыткан кыргыз-казак достугу уланат

Саамалыкты Казакстан Республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев ачып, кыргыз-казак ар тараптуу кызматташуусу жылдан-жылга өсүп-өнүгүп жатканын билдирди. “Быйыл Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилешти. Бул арада кылымдар бою калыптанган эки элдин достугу үзүлбөй өнүгүп баратканы кубандырат. Белгилей кетсем, быйылкы жылдын эсебинен эле Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 3 ирет келип кетти. Кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн маанилүү аспектилеринин бири болуп парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле Казакстан Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы – маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири. 2021-жылы эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө жетиштик. Эми эки өлкөнүн президенттери тарабынан аталган көрсөткүчтү 2 миллиардга жогорулатуу тапшырмасы коюлду. Маданий-гуманитардык байланыштар да активдүү өнүгүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Астанада Кыргыз маданиятынын күндөрү ийгиликтүү өткөрүлдү. Бишкекте Абайдын эстелиги ачылса, Астанада Манастын эстелиги үчүн орун даярдалды. Эмки жылы Чыңгыз Атйматовдун 95 жылдыгын белгилөө пландаштырылган. Буюрса алдыда ишке ашырыла турган долбоорлор көп”,- деп маалымдады элчи мырза.

Андан соң Рапиль Сейтханович Кыргызстандын бир катар ишмерлерине Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республдикасынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн президент Касым-Жомарт Токаевдин атынан Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды. Сыйлыкка арзыган инсандардын толук тизмеси менен төмөндө таанышып алсаңыз болот:

Казакстан Республикасынын II даражадагы Достук орденин алгандар:

  1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору
  2. Аманова Роза Асановна, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз салттуу музыка фондунун төрагасы
  3. Джумагулов Апас Джумагулович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри
  4. Иманалиев Муратбек Сансызбаевич, Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри
  5. Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович, профессор, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы экс-толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
  6. Казакбаев Руслан Айтбаевич, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
  7. Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
  8. Кожошев Арзыбек Орозбекович, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри
  9. Табышева Саламат Орозбековна, “Мухтар Ауэзов фондунун” Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси
  10. Шеримкулов Медетхан Шеримкулович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Председатели

Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алгандар:

  1. Абдиралиев Нурлан Асилбекович, Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, “Достук” ансамблинин солисти
  2. Акматаева Турсун, Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү
  3. Жаманкулов Азамат Капарович, Кыргыз Республикасынын мурдагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
  4. Иманалиев Кайрат Олжобаевич, УТРКнын башкы директору
  5. Истамбаев Алмазбек Маматжанович, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору
  6. Керезбеков Канат Керезбекович, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи
  7. Кудайбергенов Бактыбек Жапарович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
  8. Осмонов Кыргызбай Арапбаевич, Т. Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору
  9. Салымбеков Аскар Мааткабылович, “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти
  10. Тентишев Эркин Саткынбаевич, Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү
  11. Чермашев Бахыт Мухтаралиевич, “Хабар” телеканалынын кабарчысы.

“Айылдан чыккан миллионер”

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында казак жазуучусу Сауле Досжандын кыргыз тилине которулган “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары орун алды.

Китеп тууралуу бет ачар көрсөтүлгөн соң Сауле Досжан сахнага чакырылып, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов министр Алтынбек Максутовдун атынан Ардак грамота тапшырды. Иш-чара тууралуу Сауле Досжандын өзү: “Дүйнөдө кыргыз менен казактай бири-бирин бир тууган туткан башка эл жок. Элдерибиздин достугу жашасын. Минтип бизди чакырып сыйлап жатканыңар бул – казак элин сыйлап жатканыңар”,- деп ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми китеби тууралуу ал мындай деди: “Көптөн бери балдарга арнап китеп жазсам, ал китеп өсүп келе жаткан муунга жашоодо эч кимге кор болбостон, өз ордун таап кеткенге жардам берсе экен деп ниет кылып жүрчүмүн. Ошентип бул китептин үстүнөн бир топ жыл эмгектендим. Китеп жарык көргөндөн кийин 5-6 ирет кошумча басылып чыкты. Бир катар чет тилдерде да жарык көрдү. Азыр заман башка. Заманбап технологиялар менен катар улуттук нарк-насилди билүү маанилүү. Бул китеп дал ошондой максатты көздөйт”.

Кошумчалай кетсек, аталган чыгарманы кыргыз тилине Кыялбек Акматов которгон.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2