AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

БААУ Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына жаңы имарат куруп берүүдө

2018-жылы Борбор Азиядагы Америкалык университети жана КРнын Улуттук илимдер академиясы консорциум түзгөн. Анын максаты – туруктуу бекем өнүктүрүү, урбанистика, сейсмология жана сейсмикалык коопсуздук тармактарында илимий дисциплиналар аралык фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү өткөрүүнүн негизинде Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жарандарынын жашоо сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу. Эки белгилүү мекеменин шаарларды пландоо, куруу жана ишмердүүлүгүн камсыздоо тармактарында биргелешкен изилдөөлөрү жарандарыбыздын жашоо-шартынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Тянь-Шань тоолоруна жогору сейсмикалык активдүүлүк мүнөздүү. Жыл сайын 5000ден ашуун жер титирөөлөр катталып, алардын ичинен 7-9ун магнитудасы 4,5-5 баллды түзгөн катуу жер силкинүүлөр түзөт. Андыктан сейсмикалык мониторинг аймактагы маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Сейсмология институту Кыргызстан менен Борбор Азиянын аймагындагы сейсмикалык тобокелчиликтерди баалайт. Институттун кызматкерлери жер титирөөлөрдүн каталогун түзүү, жер титирөөлөрдүн кесепеттерине макросейсмикалык иилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер титирөөлөрдүн социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндарын төмөндөтүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуунун үстүндө тынымсыз иш алып барышат.

Толук кандуу изилдөөчүлүк ишмердүүлүк үчүн тиешелүү инфраструктура жана эмгек үчүн ыңгайлуу шарттар талап кылынат. Тилекке каршы Сейсмология институтунун 1980-жылы курулган учурдагы имараты каражаттын жоктугунан түптөлгөн жылдан бери дээрлик бир да жолу оңдоп-түзөтүү иштеринен өткөрүлгөн эмес жана бара-бара абалы начарлап кеткен. Жаман коммуникация жана жылытуу системасынын жоктугунун айынан имаратты эксплуатациялоонун ыңгайлуулугу төмөндөп, өзгөчө кыш мезгилинде адам чыдагыс абалга туш болгон. Бул көйгөйлөрдү Сейсмология институтуна жаңы имаратты куруу менен чечүүгө болот.

Консорциумдун алкагында 2018-жылдын аягында КРнын Өкмөтүнүн чечими менен Борбор Азиядагы Америкалык университети КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун чакан бир бөлүгүн окуу корпустарын жана лабораторияларды куруу үчүн убактылуу колдонууга алган. Өз кезегинде БААУ Сейсмология институту үчүн жаңы административдик имарат куруп берүүгө милдеттенме алган. Долбоорду каржылоо БААУ тарабынан Ачык коом фондунун каржылык колдоосу астында ишке ашырылмакчы.

Куруу иштери аягына чыккандан кийин Сейсмология институтунун карамагына штаб-квартира жана изилдөө борбору катары профилдик багыттагы жертөлө кабаты бар 2 кабаттуу заманбап имарат өтөт.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор, геолого-минералогиялык илимдеринин доктору Канатбек Абдрахматов пайда болгон перспективаларга кубанычын жашырган жок: “БААУ менен кызматташуу биз үчүн чоң көмөк. Соңку 30 жыл аралыгында биздин академияда бир да жаңы имарат курулган жок. Жаңы имаратта биздин жеке изилдөөлөрүбүздөн тышкары БААУ менен да биргелешкен изилдөөлөрдү өткөрөбүз”.

БААУнун президенти жана Бард Колледждин вице-президенти Джонатан Беккер кызматташууга чоң энтузиазм менен мамиле жасайт: “Долбоордун ийгиликтүү алга жылып жатканына кубанычтабыз. Ал уникалдуу изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөргө жол ачат, Сейсмология институнун иштөө шартын жакшыратат жана БААУ менен КРнын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташууну арттырат деп эсептейбиз. Мындай биргелешкен ишмердүүлүк изилдөөчүлүк институттар менен кошо Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн да абдан пайдалуу”.

Борбор Азиядагы Америкалык университети менен КРнын УИАнын Сейсмология институтунун ортосундагы кызматташуу институттун аймактагы сейсмикалык активдүүлүктөрдү анализдөө тармагында изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарып, Кыргызстан жана Борбор Азиянын жарандарынын жашоо деңгээли менен сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорго негиз салат.

“Биз мындай маанилүү долбоордо Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен тыгыз кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз, – дейт БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдхир. – Бул Сейсмология институтуна жаңы имаратты гана тартуулабастан, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн БААУ жана Сейсмология институтунун ортосунда болочок изилдөөчүлүк кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат”.

Бул тууралуу БААУ менен КРнын УИАнын Сейсмология институтунун кызматташуусунун долбоорунун жетекчиси, БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев да өз оюн билдирди: “Институттун кызматкерлери ыңгайлуу шарттарда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Улуттук илимдер академиясы жаңы заманбап имаратка ээ болот. БААУ менен Сейсмология институтунун кызматташуусу ата мекендик илимдин, демек, Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыгы үчүн коммерциялык эмес мамлекеттик-жеке эффективдүү өнөктөштүктүн мыкты мисалы болуп эсептелет ”.

Азыркы тапта Сейсмология институтунун жаңы административдик имаратынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Имараттын бардык кабаттары жана чатыры тургузулуп, инженердик түйүндөр орнотулду. Учурда имараттын ичин жасоо иштери жасалууда. Аны эксплуатацияга эмки жылдын жаз айларында берүү пландаштырылууда.

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2