AUCA the best 2

2024-12-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте Казакстанда өткөн Президенттик шайлоо талкууланды

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Казакстан Республикасынын кезексиз Президенттик шайлоосу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада орун алган иш-чарага Казакстандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев, коомдук ишмерлер жана медиа өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун күн тартибине ылайык, алгач 2 доклад окулуп, андан соң талкуулар орун алды. Модераторлук милдетти Гладис Темирчиева аркалады.

Алгачкы докладды Bulak.kg маалыматтык-агенттигинин башкы редактору Семетей Карыпкулов окуп, анын темасы “Казакстандагы саясий трансформация, Кыргызстандан көз караш” болду. Саясий серепчи өз сөзүндө Казакстанда саясий система өзгөрүп жатканын белгилеп, Президент Касым-Жоомарт Токаев жаңы саясий курска багыт алганын жана ал казак коомчулугунда чоң үмүт менен кабыл алынып жатканын айтты. Жалпысынан ал Казакстандагы саясий трансформациянын мезгилдерине көз чаптырып, чыныгы демократизацияга жол ачылып жатканын жашырган жок.

Казакстанда өткөн президенттик шайлоого Эл аралык байкоочу болуп барып келген 7-каналдын Башкы директору Ильязбек Балташев “Казакстандын Президентин шайлоого Эл аралык байкоочу болуп катышуунун жыйынтыгы” аталышында доклад жасады. Ильязбек Балташев Казакстандын Президентинин шайлоосунун өткөрүлүшүн жогору баалап, шайлоо системасында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын баса белгиледи. Алсак, анын маалыматында добуш берүү үчүн казак жарандары үчүн убактылуу каттоо жетиштүү болгон. Анан да “Баарына каршы” графасынын киргизилиши да алга карай жылуу экенин белгиледи.

Жогоруда аталган 2 докладдан кийин катышуучулар өз ойлорун эркин билдирип, Казакстан менен Кыргызстандын кызматташуусу жаңы баскычка чыгарына үмүт билдиришти.

Каалайбызбы же жокпу Казакстан Борбор Азияда территориясы, калкынын саны жана башка параметрлер боюнча лидер болуп кала берет. Андыктан андагы саясий процесстер кыргыз коомчулугу үчүн да таасирин тийгизбей койбойт. Эки өлкө тең бири-биринен пайдалуу нерселерди алса болот ”,- деп тыянак чыгарышты иш-чарага чогулган коомдук ишмерлер менен медианын өкүлдөрү.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2