AUCA the best 2

2024-04-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

БААУ, Бард колледж жана USAID инновациялык борбор куруп баштады

Борбор Азиядагы Америка университети жана Бард Колледж “Makerspace Learning Center” (MLC) окутуу-конструктордук борборунун курулуш иштери башталгандыгын кубануу менен маалымдайт. БААУ, Бард Колледж жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, ишке ашып жаткан долбоордун алкагында Бишкектеги БААУнун кампусунун аймагында уникалдуу билим берүү, чыгармачыл жана ишкердик мейкиндиги пайда болот.


Анда БААУнун студенттери менен коомчулуктун башка мүчөлөрү инновациялык азыктардын прототиптерин өндүрүү жана иштеп чыгуу үчүн жогорку технологиялык жабдууларды пайдалана алышат.

“БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору университеттин студенттери менен окутуучулары, ошондой эле Кыргызстандын окумуштуулары, инженерлери, башталгыч жеке ишкерлери менен иштеп чыгуучулары үчүн ачылат. Алардын баары мейкерспейс жана анын жогорку технологияларын баарлашуу, окуп-үйрөнүү, идея алмашуу, прототиптерди жаратуу жана жадагалса, инвесторлорду тартуу үчүн колдоно алышат.

Инновациялык идеялардын иш жүзүнө ашуусу үчүн мейкерспейс атайын цех менен (3D-принтерлер, лазер кескичтер, робототехника боюнча топтомдор, тигүүчү машиналар) жана кубаттуу графикалык станциялары бар компьютердик лабораториялар менен жабдылат. Борборунда идея алмашуу, окутуу кабинеттери, ири конференц-зал, баарлашуу жана жеке иштөө үчүн орундар каралган. Кымбат баалуу жабдыктар студенттер, ойлоп табуучулар, жеке ишкерлер,  инноваторлор үчүн командалык жана жекече жеткиликтүү болмокчу.

“Мейкерспейс” долбоору кампустун аймагында жаңы инновациялык борборду жаратып, студенттердин практикалык билим алышы үчүн шарт түзүү менен БААУга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Аталган борбор студенттер эле эмес, жалпы эле Кыргызстандын жарандары үчүн кызмат көрсөтөт. Долбоордун башкы максаты да мына ошондо – алардын чыгармачылык дарамети менен экономикалык динамикалуулугун өнүктүрүү",- деп билдирди БААУнун Камкорчулук кеңешинин төрагасы Дэвид Лакдхир.

Бард колледжинин вице-президенти жана БААУнун президенти Джонатан Беккер төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Биз БААУнун мейкерспейсинин курулуш иштерин баштап жатканыбыз үчүн толкунданып турабыз жана USAID менен ASHA`га колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазыбыз. Бул долбоорду БААУнун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы деп билебиз. Борбордун ачылышын жана ал жерден жаңы идеялар жаралышын чыдамсыздык менен күтүп калабыз”.

БААУнун вице-президенти, Makerspace Learning Center долбоорунун автору жана жетекчиси Чыңгыз Шамшиев долбоор тууралуу мындай дейт:

“БААУнун Мейкерспейси жаштарга өсүп-өнүгүүдө жеке жана социалдык тоскоолдуктарды басып өтүүгө жардам берет. Өз кезегинде бул бирдиктүү, толеранттуу жана ошол эле учурда ар тараптуу коомду түзүүгө өбөлгө болот. Мейкерлердин коомчулугунда улуттук, диний жана башка белгилер боюнча бөлүнүү болбошу керек. Аларды жаңы нерселерди жаратуу, идеяларды ойлоп таап, ишке ашыруу гана бириктирип турушу абзел”

Доктор Шамшиев долбоордун адилеттүү жана өнүккөн коомду түзүүгө салым кошууга умтулуусу боюнча да өз оюн билдирди:

“Технологияларды тандалган гана адамдар колдонуп, аларга гана жеткиликтүү болбошу керек”, - дейт ал. “Катардагы жарандар да технологиялардан пайдаланып, өнүккөн, адилеттүү жана эркин коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши кажет. БААУнун мейкерспейси эркин адамдардын жаралышына салым кошуу максатын көздөйт”.

 Мейкерспейстин имараты БААУнун башкы кампусунан алыс эмес  жайгашат. Имараттын долбоору “Архидея” архитектуралык дизайн боюнча кыргызстандык компания тарабынан иштелип чыгып, USAID менен макулдашылган.

Ачык тендердин негизинде курулуш иштеринин башкы подрядчиги болуп, көп кабаттуу административдик жана билим берүү имараттарын курууда тажрыйбага ээ кыргызстандык “Кармис” компаниясы тандалган. Имарат заманга талабына ылайык энергетикалык эффективдүүлүктүн, экологиялык жана климаттык коопсуздуктун талаптарына ылайык курулат. Ошондой эле, ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын суроо-талаптарына да жооп берет. “БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору окуу жайдын ачык, жеткиликтүү жана жашыл кампустун идеясынын уландысы катары курулат.  

“БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору коомдун аялуу катмары, алардын ичинде аялдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана заманбап технологияларды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар үчүн кызмат көрсөтөт. Долбоордун катышуучулары өз билимин башкалар менен бөлүшүп, ошол эле учурда алардан үйрөнүп да турат.

“Мakerspace” термини 2005-жылы жаралып, “Make” басылмасынын негиздөөчүсү тарабынан тузүлгөн. Түп-тамыры Массачусетс технологиялык институтунун айтылуу Fab Labs`ына барып такалат. Бул термин калктын калың катмарынын арасында кеңири тараган “өзүң жаса” түшүнүгү менен жогорку технологияларды пайдалануу дараметин бириктирген. Буга чейин ал инженерлер менен жеке ишкерлердин тар чөйрөсүндө гана жеткиликтүү болгон. Убакыттын өтүшү менен “мейкерспейс” түшүнүгү коомдук кыймылды түшүндүрө баштаган. Ал кыймыл технологиялык инновацияларды популяризациялоого багытталып, эл арасында жайылтуу менен адамдарга өзүн инноватор менен жеке ишкерлердин ролунда көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берген. Технологияларды мейкерспейстердин принцибинде демократизациялоо технологиялар менен коомду жакындатып, технологияларды калктын көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

“БААУнун Мейкерспейси” ушул кыймылдын бир бөлүгү болуп, Кыргызстанда “жогорку технология менен өзүң жаса” кыймылын калыптандыруу үчүн жол башат болуп калмакчы.

“БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору ар тараптуулук, кызматташтык жана шериктештик принциптерин кармануу менен иш алып барат. Анда чыгармачыл атмосфера түзүлүп, калктын ар кандай топтору америкалык жана кыргыз элинин жалпы баалуулуктары болгон уюшкандуулук, жеткиликтүүлүк жана ойлоп табуучулукка таянып, инновациялык ой жүгүртүү жана ишкердик духун пайдалануу менен кызматташуунун негизинде ийгиликтүү долбоорлорду жаратып,  аларды ишке ашырат.

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2