AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда алгачкы гендердик облигациялар сатылып баштады

Бүгүн, 18-ноябрда Novotel мейманканасында “Азия банкынын" туңгуч гендердик облигацияларынын сатылышынын башталышына арналган салтанат болду. Банк аталган долбоорду КРдин Экономикалык саясатты изилдөө институту, БУУ-Аялдар, AIFC Green Finance Center Ltd. каржы борбору, Кыргыз фондулук биржасы, “Сенти” каржылык компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырды.

 

Иш-чарага келген  конокторду “Азия банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева жылуу тосуп алды. Өз сөзүндө Назира айым гендердик облигацияларды чыгаруу идеясы кантип жаралгандыгы тууралуу айтып, бул репутациялуу жана абройлуу долбоор банк жана жалпы эле Кыргызстандын банк чөйрөсү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

“Биз бул долбоорду мамлекеттик органдардын, жеке сектордун, донордук коомчулуктун колдоосу жок ишке ашыра алмак эмеспиз. Бул долбоор биздин жеке ишкердик менен алектенген айымдарыбызды канчалык деңгээлде колдой ала турганыбызды көрсөтөт. Мен биздин аялдар үчүн эң мыкты шарттар түзүлүшү шарт деп эсептейм", - деди ал.

Ал эми саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов өз сөзүндө гендердик экономиканын өнүгүүсү кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртарын айтып өттү.

“Бүгүнкү иш-чара – бул кооз сөздөрдөн ишке өткөндүгүбүздүн белгиси. Биз айымдар үчүн мыкты шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Анткени ал жашообуздун бардык чөйрөсүн жакшыртат. Мунун зарылдыгын изилдөөлөр тастыктайт. Алсак, Жапонияда жарандардын узак жашоосу гендердик экономика менен тыгыз байланыштуу экендиги аныкталган. Коомдун баалуулуктарын өзгөртүү зарыл. Гендердик экономика келечекте Кыргызстанды таанытарына ишенем”,- деп белгиледи ал.

Ошондой эле иш-чаранын сыйлуу конокторунун арасында Кыргызстандагы БУУ-Аялдар уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсран да болду. Ал Кыргыз Республикасы Борбор Азияда биринчилерден болуп жогорку деңгээлде өкмөт, жеке сектор жана эл аралык уюмдардын өнөктөштүгүндө аталган долбоорду ишке киргизип жаткандыгын баса белгиледи.

Салтанатка AIFС Green Finance Centre Ltd.`нин башкаруучу директору Нагима Аюпова, Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиевдер да катышты.

“Сенти” каржылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова “Мен жоопкерчиликтүү инвестормун” чэлленджин баштап берди.

Андан соң, гендердик облигацияларды ишке киргизүү долбоорунун бет ачарын “Азия банкынын” башкармалыгынын төрайымы Земфира Атакишиева өткөрдү.

Биржада соода-сатыктын башталганын гонгду кагып, Назира Бейшеналиева баштап берди. Коомдук соодага 1000 сомдук 82 000 облигация чыгарылган. Жүгүртүү мөөнөтү – 3 жыл, ал эми эмиссиянын көлөмү 82 000 000 сомду түзөт. Сатуунун алгачкы мүнөттөрүндө акциянын 25% сатылып, көпчүлүк бөлүгүн жеке сектор алды. Алгачкы арыз берүүчүлөрдүн катарында Кыргызстандын пенсиялык фонду, “Азия банкынын” акционери Ли Джонг Бек, World Class Bishkek`тин башкы директору Надира Касымова, Jubilee Kyrgyzstan камсыздандыруу компаниясы, “Дордой” ассоциациясы жана жеке ишкер Жумабек Салымбековдор болду.

Белгилей кетсек, Азиянын банкы социалдык гендердик облигациялардын алгачкы эмитент-банкы болуп калмакчы. Анын программасы жеке ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, кыз-келиндердин жашоо-турмушун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетишүүгө жана кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2