AUCA the best 2

2025-05-12

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Пресс-релиз: Кыргызстанда алгачкы гендердик облигациялар чыгат

19-ноябрь күнү бүткүл дүйнөдө аялдар ишкердигинин күнү белгиленет. Бул дата алгач ирет 2014-жылы башталып, ишкер аялдарды колдоо жана алардын көйгөйлөрүн чагылдыруу колго алынган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстандагы ишкерлердин үчтөн бирин аялдар түзөт. Былтыр Ишкер аялдар күнүнүн алдында бизнестеги айымдарды колдоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккан.

Быйыл, 18-ноябрь күнү - гендердик облигацияларды чыгаруу боюнча социалдык долбоор ишке кирет. Максаты - туруктуу өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду каржылоо. Долбоор "Азия банкы", Экономикалык саясатты изилдөө институту, БУУ-Аялдар, GFC, Кыргыз Фондулук Биржасы, жана "Сенти" каржылык компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашууда. "Азия банкы" ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, алардын жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетүүгө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык гендердик облигацияларды чыгарган алгачкы банк-эмитент болуп калмакчы.

Социалдык облигациялардын классикалык түрүнөн айырмасы - андан түшкөн каражат социалдык долбоорлорго багытталат жана Эл аралык капитал ассоциациясынын (ICMA) эл аралык принциптерине ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун “Астана GFC” каржы борбору жүргүзөт. Аталган борбор ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредитацияланган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания эсептелет.

Гендердик облигацияларды компаниялар, каржы фонддору, эл аралык компаниялар, юридикалык жана физикалык тараптар сатып ала алат. Облигацияларды сатуудан түшкөн каражат насыя берүүгө, өндүрүш, айыл чарба, тейлөө тармактарындагы орто жана кичи бизнести өнүктүрүүгө жумшалат. Насыяны аялдар гана башкарган, ээлик кылган, жетектеген же кызматкерлеринин 30% аялдардан турган ишканалар гана ала алат.

Сиздерди Кыргызстандагы алгачкы гендердик облигацияларды сатуу иш-чарасына катышууга чакырабыз.

Датасы: 2022-жылдын 18-ноябры, жума күнү

Убактысы: 09:30 - 12:00

Өтүүчү жайы: Бишкек ш., Манас пр., 16, Novotel

Байланыш үчүн:

Эрика Иманкулова, тел.: +996 702 004 480

Айжан Мамбеталиева, тел.: +996 990 985 589

Канышай Усенова, тел: +996 999 217 211

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2