2024-12-23
Түрмөк
Гендердик облигация деген эмне жана анын тарыхы
Кыргызстанда алгачкы гендердик облигацияларды “Азия банкы” чыгарып жатат. Ал ушул жылдын 18-ноябрында сатыкка чыгат. Негизги максат – бизнес долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргызстандагы ишкер аялдарга экономикалык колдоо көрсөтүү.
Акыркы учурда каржылык инструменттер көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Тиешелүү адистер каржылоо чөйрөсүндө да гендердик теңдикти маанилүү деп эсептешет.
“Гендердик” облигациялар
GLI термини 2009-жылы пайда болгон. Бир канча жылдан кийин Бүткүл дүйнөлүк банк “гендердик” облигацияларды чыгарган. Белгилей кетсек, 2019-жылдагы эмиссиядан соң Veris Wealth Partners 2023-жылы “гендердик” инвестициялардын көлөмү 20 млрд долларга жетет деп болжогон.
БУУнун курамына кирген UN Women гендердик облигацияларды колдонуу боюнча өзүнчө гайд иштеп чыккан. Документтин авторлорунун айтымында, социалдык жоопкерчилиги чоң болгон “кагаздардын” көптүгүнө карабай, бул рыноктун мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек.
Гендердик облигация – аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн долбоорлорду каржылаган анык кирешеси көрсөтүлгөн баалуу кагаз. Максаты – гендердик теңдикти камсыздоо. Ал БУУнун туруктуу өнүктүрүү боюнча эрежелеринин талабына жооп берет.
Гендердик облигациялардын негизги айырмачылыгы – гендердик аспекттерге көңүл бурган компанияларды гана каржылайт. Мындай ишканаларга:
- аялдар жетектеген же ээлик кылган компаниялар;
- жумуш орундарын берүүдө гендердик теңдикти сактаган компаниялар;
- аялдардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында иштеген компаниялар кирет.