AUCA the best 2

2025-10-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Азия банкы" биринчилерден болуп гендердик облигация чыгарат

“Азия банкы” Экономикалык саясатты изилдөө институту, UN Women, GFC, Казакстан фондулук биржасы жана “Сенти” менен биргеликте биринчилерден болуп гендердик облигацияларды сатыкка чыгарат. Максаты – бизнес долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргызстандагы ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү.


Банктын стратегиялык багыттарынын бири ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) компоненттерин туруктуу өнүктүрүү жана ишке ашыруу болуп саналат. Гендердик облигацияларды чыгаруунун максаты - гендердик теңсиздикке көңүл буруу жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.


Банк гендердик облигацияларды чыгарууда социалдык облигациялардын принциптеринде белгиленген стандарттарга ылайык Эл аралык капитал ассоциациясынын (ICMA) текшерүүлөрүнөн өттү жана GFC (Астана эл аралык каржылык борбору) тарабынан тастыктоо (экинчи корутунду) алды.


Банк өз программасында социалдык жоопкерчиликти жана туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу багытында каржы секторунун негизги демилгеси катары жоопкерчиликтүү инвестициялык жана каржылоо ыкмаларына басым жасайт.


2022-жылдын 18-ноябрында алгачкы гендердик облигациялар сатыкка чыгат. Иш-чарада долбоордун бет ачары болуп,  облигацияларды сатып алууга арыздарды кабыл алуу жүрөт.


“Азия банкы” социалдык гендердик облигацияларды чыгарган алгачкы банк-эмитент болуп калат. Бул программа ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетишүүгө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.


Маалымат үчүн:


Социалдык облигациялар классикалык облигациялардан максаттуулугу менен айырмаланат. Бул облигациялардан түшкөн каражат социалдык долбоорлорго багытталат жана Эл аралык капитал ассоциациясынын (ICMA) эл аралык принциптерине ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун “Астана GFC” каржы борбору жүргүзөт. Аталган борбор ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредитацияланган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания эсептелет.


Байланыш үчүн:


Айжан Мамбеталиева, +996 (990) 985-589, +996 (999) 217-211

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2