AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстан ишкер аялдарынын БАЭге болгон жемиштүү визити

2022-жылдын 23-28-октябрь күндөрү Кыргызстандын Америка Соода палатасынын директорлор кеңешинин өкүлү Н.Бейшеналиеванын, Тышкы иштер министрлиги жана Бириккен Араб Эмирлигинин эл аралык кызматташтыгынын, Экономика министрлигинин, Федералдык соода-өнөр жай палатасынын, ошондой эле БАЭнин Кыргызстандагы элчилигинин биргелешкен демилгеси боюнча Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстан ишкер-аялдарынын делегациясы расмий визит менен барып келишти.

Иш визитине Кыргызстандын кичи, орто жана ири бизнестеринин экономикалык ишмердүүлүктүн кеңири спектри боюнча сунушталган 14 ишкер аял катышты. Анын ичинде делегациянын курамына төмөнкү компаниялардын жетекчилери да кирди: Sky Industrial Group, «Сезимтал» инклюзивдик билим берүү мектеби, Compass College, «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК, Ак-Сай Трэвел компаниясы, «ДЖОЛДОШЕВА» ательеси, Энергиянын булактарын жаңылатуучу ассоциациясы, «Кыргыз Винд Систем» ААК, World class, Борбордук Азиядагы университеттердин Корей таануу жана корей тили боюнча окутуучулардын ассоциациясы, Кыргыз-Корея колледжи, "Бай Элим Компани" ЖЧК, Luxor Avenue бутиктери, «Оберон» ЖЧК, "Ак-Куу" канаттуулар фабрикасы жана Medex Travel.   

Бул визит Кыргыз Республикасынын жана БАЭ ортосунда экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки мамлекеттин бизнес коомунун ортосунда натыйжалуу кызматташууну түзүү максатында уюштурулган. Дүйнөлүк коомчулукта жаңы экономикалык өнөктөштүктү түзүүнүн заманбап динамикасын жана Кыргыз Республикасы үчүн салттуу рыноктордун актуалдуулугун жоготушун эске алуу менен БАЭ ишкерлери менен кызматташуу вектору Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын өстүрүү үчүн өтө актуалдуу жана талап кылынган багыт катары көрүлөт.

Визиттин программасы БАЭ Өкмөтүнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен түзүлгөн, бул эки мамлекет үчүн өткөрүлгөн иш-чаралардын жогорку баалуулугун далилдейт жана өлкөлөр ортосундагы ишенимдүү мамилелер үчүн шарт түзөт. Визиттин алкагында катышуучулар БАЭнин үчүнчү мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерин ишке ашырууга түздөн-түз тартылган адамдардын кеңири чөйрөсү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, биринчи күнү Кыргызстандын ишкер-аялдары аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын БАЭ ишкердүүлүгү  боюнча улуттук механизмдин функцияларын аткарууга тартылган БАЭ  Бириккен аялдар союзуна барышты. Программада аялдар ишмердигинин экономикалык потенциалын көрсөтүү максатында жалаң гана аялдардын ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын соода павильондоруна барып келүү каралган.

БАЭ ишкерлеринин жана КР ишкер-аялдарынын ортосунда диалог түзүү максатында «Бизнесте аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» темасында семинар уюштурулган. Семинар, Америка соода палатасынын Директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиеванын саламдашуу сөзү менен башталды, бул кабыл алуучу тарапка Кыргыз Республикасынын экономикасы жөнүндө толук сүрөттөп берүүгө мүмкүндүк берди. Семинарда иштөө убактысынын жүрүшүндө делегациянын катышуучулары өзүнүн бизнесинин алкагында Кыргыз Республикасындагы бизнести жүргүзүүнүн айрым аспектилерин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Семинар тараптарга аялдар ишкердигин колдоонун институционалдык механизмдеринин маселелерин талкуулоого, өлкөлөр ортосунда жаңы экономикалык байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берди, соода экономикалык кызматташтык үчүн артыкчылыктуу багыттарды, гендердик теңсиздикти, билим берүүдөгү жеткиликтүүлүктү аныктап алышты, ошондой эле Кыргызстандын жана БАЭнин ишкер аялдары туш болгон чакыруулар белгиленди.

Ошол эле күнү БАЭ Бириккен аялдар союзунун (General Women's Union) Башкы секретары Нура аль-Сувайди менен расмий жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, байланыштары менен алмашты жана эл аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Визиттин иш программасынын алкагында кыргыз бизнесинин өкүлдөрү БАЭ Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайег мырза менен, ошондой эле өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолуга алышты.

Ишкер жолугушуулардан кийин делегация кийинки объектиге – Абу-Дабиде жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң күн электр станциясына GW Al Dhafra PV2 барды, ал жерде конокторду күн электр станциясын түзүү долбоору менен, ошондой эле Абу-Дабинин экономикалык жана экологиялык потенциалы менен тааныштырды.  

Визиттин жүрүшүндө делегациянын катышуучулары FDI Dubai  Инвестицияларды колдоо секциясынын директору Фахад Аль Тани мырза менен жолугушту. Катышуучулар өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти жана өздөрүнүн долбоорлору менен бөлүштү. Фахад Аль Тани мырза өз сөзүндө араб-кыргыз мамилелериндеги соода-экономикалык жана иш чөйрөлөрүн бекемдетүү үчүн активдүү иштин маанилүүлүгүн белгилей кетти. Dubai FDI - Дубайды экономикалык өнүктүрүү департаментинин курамына кирет, алар дубайдын экономикасына инвестиция кылууга жана анын дүйнөлүк стратегиялык маанилүүлүгү менен пайдаланып алууга умтулган чет элдик ишканалардын маанилүү маалыматын жана баа жеткис колдоосун берет.

Ушул эле күнү БАЭнин Араб жаштар борборундагы Жаштар кеңешине барышты, ал жерде делегация БАЭ Жаштар иши боюнча министри Шамма бинт Сухаил Фарис Аль Мазруи айым менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жаштар кеңеши БАЭ Жаштар иши боюнча федералдык башкармалыгы тарабынан башкарылат.

27-октябрда Кыргызстан делегациясы БАЭ Экономика министрлигине барды жана БАЭ экономика министринин орун басары Абдулла Аль Салех мырза менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында БАЭ социалдык-экономикалык жана инвестициялык потенциалын жана кыргыз тараптары жактан зор кызыгууну туудурган  “Projects of the 50” жана “The Entrepreneurial Nation” долбоорлорунун ишмердүүлугүн тааныштырды.

Ошондой эле бизнес-делегациясы БАЭ Аялдардын ишкер кеңешине барды жана БАЭ Аялдардын ишкер кеңешинин төрайымы Фарида Камбэр Аль Авади жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту. Аялдардын ишкер кеңешинин төрайымы Фарида Камбэр Аль Авади КР Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиевага Кыргызстан жана БАЭ ишкер-аялдарынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин башталышынын урматына сыйлык тапшырды. Кыргызстандын жана БАЭ ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн компанияларынын ишмердүүлүгүнүн негизги багытын белгилешти жана тыгыз өз ара кызматташуунун жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу пайдалуу мамилелерди улантуунун зарылдыгын билдиришти.

Визиттин жыйынтыктарын алдыдагы өсүүнүн жогорку потенциалы менен продуктивдүү жана перспективалуу деп ишеничтүү таанууга болот. Кабыл алуучу тарап ишкер жолугушуунун ар бир катышуучусу менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына толук токтолушту жана бизнестин айрым багыттарынын алкагында продуктивдүү экономикалык кызматташтыкты түзүү үчүн алгачкы аракеттер боюнча баалуу сунуштарды берди. Билим берүү, туризм, агроөнөр жай комплекси, спорт жана финтек чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлор сыяктуу соода-экономикалык кызматташтык багыттары БАЭ тараптан чоң кызыгууну туудурду.

Жолугушуунун жогорку деңгээли, кыргыз ишкер аялдарынын активдүү позициялары, дискуссиялардын конструктивдүү тематикасы келечектүү кызматташууну түзүүгө көмөк көрсөттү жана өлкөлөр ортосундагы иш кызматташууларынын ийгиликтүү моделин түзүүгө шарттарды түздү.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандан барган ишкер аялдар делегациясынын ар бир жолугушууларын БАЭ Кыргыз Республикасынын элчилиги Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович элчи мырзанын тыкыр жетекчилиги астында коштоп жүрдү, бул жолугушууларга чоң маанилүүлүк жана баалуулук берип турду. Болуп өткөн иш-чарадагы БАЭ Кыргыз Республикасынын элчилигинин кызыгуусу иш жүзүндөгү экономикалык дипломатияны колдонулгандыгы көрсөтүлдү.

Бул иш-чарага даярдануу КР жана БАЭ ортосундагы кызматташуудагы ийгиликке чоң ишеним  менен коштолду жана коомдун экономикалык жана социалдык бакубатчылыгын түзүүдөгү аялдардын ролунун чоң потенциалын таануу керек. Ушул иш-чара жалаң гана аялдар лидерлигине негизделген экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биздин өлкөлөрдүн демилгеси менен тарыхта уникалдуу жана биринчи жолу болуп жаткандыгын сыймыктануу менен белгилейбиз. Экономикалык, адамзаттык жана табигый ресурстардын, ошондой эле Борбордук Азиянын жана Араб дүйнөсүнүн материалдык эмес мурастарынын консолидациясы дүйнөлүк коомдоштук үчүн жаңы демилгелердин пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ушул визиттин жүрүшүндө түзүлгөн эки өлкөнүн ортосундагы диалог биздин коомдорго жаңы баалуулуктарды алып келүүгө мүмкүн болгон ийгиликтүү жана натыйжалуу демилгелерди түзүүгө алып келет деп күтүлүүдө.

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2