AUCA the best 2

2025-05-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

НЕКРОЛОГ - КАЛИЯ КАРАШЕВА

Кыргыз маданияты жана кол өнөрчүлөр коому оор жоготууга учурады. Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыктысы, белгилүү кол өнөрчү жана сүрөтчү Калия Карашева 76 жашында дүйнө салды.

Калия Карашева 1946-жылдын 5-июлунда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында туулган. Бишкек шаарындагы №5 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде билим алып, окууну В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда улантып, аны 1969-жылы аяктаган. Ош облусунда 30 жыл “Орус тили жана адабияты” сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунүн отличниги» төш белгисинин ээси.

Калия Карашева ардактуу эс алууга чыккандан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип, бул тармакта чоң ийгиликтерди жараткан. Ал кыргыз саймачылыгынын байыркы салттарын кылдаттык менен сактап, туш кийиз, тиричилик буюмдары, салттуу жана заманбап кийимдер, баш кийимдерди тиккен.

Көп жылдык  изденүүнүн натыйжасында  Мургабдан  келген кыргыз апалардын жардамы менен атайын чеберчиликти талап кылган терс кайык ыкмасындагы сайманы кайра жаратышкан. Бул сайма акыркы 1980-1990-жылдан бери кайталанган эмес эле. Калия Жумалиевна өзгөчө кеп такыя аталышындагы баш кийимдин сайма саюу ыкмасын пайдаланып заманбап кыз-келиндердин көйнөктөрүнүн белине тага турган кур жасаган.

Терс кайык ыкмасы менен жасалган кур менен бүткүл дүйнөлүк кароо сынакка катышып, 2012-жылы ЮНЕСКОнун «Сапат» белгисине ээ болгон. 2014-жылы Фергана өрөөнүндөгү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу боюнча уюштурулган кароо-сынакка катышып, Нью-Йорк шаарында өткөн «Байхент» көргөзмөсүнө катышууга мүмкүнчүлүк алган. Көргөзмө Кыргызстандын Вашингтон шаарындагы өкүлчүлүгүндө уланып, ыраазычылык кат тапшырылган. 2014-жылдын октябрь айында өткөн Кытай Эл Республикасынын Доньон жана Нонтанг шаарларында өткөн кол өнөрчүлүктүн 50 жылдык маарекесине арналган эл аралык көргөзмөсүнө катышып келген. Жогорудагы айтылган эмгектердин негизинде Орто Азия аралык кол өнөрчүлөр арасындагы «Ментор» сертификатына ээ болгон.

2016-жылы «Тарых жана маданият жылына» карата Ош шаарында өткөрүлгөн этнофестивалда гран-прини утуп алган. Бул фестивалга 20 жылдык изденүүнүн натыйжасында тигилген 12 даана өзгөчө этно стилдеги кыз-келиндердин улуттук кийимдерин көргөзмөгө койгон. Айрыкча, терс кайык ыкмасындагы саймасы сайылган кеп такыя баш кийими, белдемчи чыптама жана кемселге жогору баа берилип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1-орунду ээлеген.

Калия Карашева белгилүү саясатчы Аалы Карашевдин энеси.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2