AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Кыргызстанда жүз миңдеген ыктыярчылар таштанды тазалоого чыгышат

Кыргызстан 17-сентябрда дүйнөнүн 180 өлкөсүнүн катышуусунда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө бешинчи жолу кошулат. Кыргызстанда салтка айлангандай бул жолу да аталган масштабдуу экологиялык акциянын уюштуруучусу катары Let’s Do It глобалдык кыймылынын расмий өкүлү – «Эко Деми» коомдук фонду чыгат.
Башкы ишембиликке даярдык көрүү иши 26-августта КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын арасындагы «Келечек» жаштар форумунун алкагындагы, биринчи экомарафонду өткөрүү күнү старт алат. Делегаттар Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды ылдамдык менен чогултуп, аны иргеп чыгышат.
 
«Ал эми 17-сентябрда биз бардык жаштар уюмдарын, бизнес түзүмдөрдү жана мамлекеттик органдарды Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө катышууга чакырабыз. Акцияга кошулуу үчүн «Эко Деминин» социалдык түйүнүндөрдөгү расмий баракчасына өтүп, катталууга болот. Бүгүнкү күнү бизде 640 миң ыктыярчы бар. Эми биз жалпы калкыбыздын 13%ын өлкөнү тазалоого алып чыгып, рекорддук көрсөткүчкө жетишебиз, деп ишенебиз. Биргеликте биз Кыргызстанды тазартабыз! Биздин өлкөдө ыктыярчылардын эмгеги жана мүмкүнчүлүгү бааланбай келет. 2021-жылы Кыргызстан тазалыктын бир күнүндө эле 1 миллион 285 миң доллар каражатын үнөмдөдү. Мамлекет үчүн бул жаратылышты сактоого багытталган кыргыз элинин ресурстарын колдонуудагы ири мүмкүнчүлүк. Волонтерлорду тарбиялоо жана профессионалдуу даярдыктан өткөрүү үчүн волонтердук кыймылды өнүктүрүү жана колдоо боюнча мыйзамды кабыл алыш керек», - дейт «Эко Деми» КФнун жетекчиси Айжан Чыныбаева.
 
Алдыдагы акцияга мурдагы жылдардагыдай эле өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлөт. Республикалык ишембиликти өткөрүү боюнча аракетти КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Туризмди өнүктүрүү фонду колдойт. Акыркысы, айрыкча ыктыярчылар үчүн чеберлер-классы жана экотуризм боюнча тренингдердин лагерин уюштуруу ишин колго алат.
 
«Биздин кызматташуубуздун башкы максаты – кыргыз элин социалдык жана экологиялык жоопкерчиликке тарбиялоо, туура эс алуу маданиятын калыптандыруу, биргеликте гана жаратылышты сактап, Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошо алаарыбызды далилдөө», - деп кошумчалады Айжан Чыныбаева. - Биздин фонд беш жылдан бери ар кандай туристтик уюмдар менен кызматташып келет. Биздин керемет капчыгай, тоолорубузду таштандыдан бошотуп, өлкөнүн таза келечегине кошкон салымы үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз. «Эко Деми» системалуу негизде иштеп, таштандыларды туура эмес жерге таштоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Ошондой эле биздин кыймылдын бир бөлүгү болууну каалаган уюмдарды, биз кызматташууга чакырабыз».
 
Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникованын сөзүнө караганда, учурда бардык окутуучу ишчараларга айлана-чөйрөнү коргоо жана экокоопсуздукту сактоо компонентери киргизилүүдө.
 
«Быйыл туризм боюнча атайын чеберлер-класстарын, ири окутуучу семинарларды өткөрүп жатабыз. Бул семинарларга бекер катышуу үчүн «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата кампаниянын катышуучуларына купондор берилет, деп белгиледи Елена Калашникова.
Тазалык акциясынын 2022-жылдагы активдүү өнөктөшү болуп Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иш алып барат. Аймактагы инспекторлор жаратылыштагы уруксатсыз таштандыларды аныктоого, чогултулган таштандылардын көлөмүн эсептөөгө, аларды иргөөгө жана катуу калдыктардын морфологиялык курамын аныктоого жардам берет.
 
«Акцияга борбордук аппараттын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышат. Азыртан эле тийиштүү жерлерди аныктоо, эсептөө иштери жүрүп жатат. Негизги күчтөр эң булганган жерлерге ыргытылат. Биздин негизги урааныбыз - таштандыны кирешеге айландыруу. Жер жүзү боюнча кайра иштетүү иши кирешелүү бизнес болуп эсептелет. Андыктан, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө бардык таштандылар иргелип, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Жыйынтыгындагы, биздин жалпы максатыбыз – жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, экомаданиятты жайылтуу», - дейт КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев.
 
Тазалыктын кампаниясы кызып жаткан учурда, бул ишке WasteNet.KG Кыргызстандагы таштандыларды башкаруу түйүнү кошулат. Ал өзүнүн мейкиндигинде таштандыларды өзүнчө чогултууну жана кайра иштетүүнү киргизүү практикасын колдогон 100гө жакын экологиялык жоопкерчиликтүү уюмдарды жана активдүү керектөөчүлөрдү бириктирет. Акциянын өлкө боюнча өткөрүлчү күнүндө түйүндүн өкүлдөрү ыктыярчылар чогулткан таштандыларды андан ары кайра иштетүү үчүн алып кетишет.
 
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Ысык-Көлдүн чет жакасын жана анын түбүн тазалоо иштери да жүргүзүлөт. «Таза Ысык-Көл» КФнун башчысы Анвар Шамсутдинов белгилегендей, суучулдар тобу 8 жылдан бери «көк берметти» таштандылардан жана балык менен канаттууларды жок кылып жаткан аңчылар койгон эски торлордон тазалап келет.
 
«Биз социалдык түйүндөрдө видеороликтерди таратып, жаратылышка болгон жоопкерчиликсиз жана керектөөчү мамиле эмнеге алып келе тургандыгын элге түшүндүрүп жатабыз», - деп билдирди коомдук фонддун жетекчиси.
 
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет. Былтыр бул акцияга рекорддук сандагы ыктыярчылар чыгып – жалпы өлкө боюнча глобалдык ишембиликке жарым миллиондон ашык адам катышкан жана алар 3 миң тонна таштанды чогултушкан. «Let's Do It World» эл аралык жарандык кыймылынын дүйнөлүк рейтингинде бул планеталык масштабдагы аракеттерге калктын катышуусу боюнча эң жакшы көрсөткүч болду. Баса, Кыргызстан дүйнөнүн 180 өлкөсүнүн ичинен үч жолу пайыздык эсеп боюнча биринчи орунду ээлеген жана коом ынтымактуу болсо, төртүнчү ирет да, чемпион болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2