AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ИИМ мыйзам кабыл алууда коомчулуктун пикирин эске алды

Ички иштер министрлиги демилгелеген “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер менен талкууланды. Буга чейин аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган.

 

Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты - адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, КРдин аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо. Кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча жыйындын катышуучуларына сөз берилип, ар биринин пикири угулду.
 
Эл аралык Ала-Тоо университетинин Юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов эки күндөн бери талкууланып жаткан бул мыйзам долбоорунун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү боюнча пикирин билдирди: “Эки күндөн бери талкууланып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул мыйзамдын негизги максаты - мамлекеттик органдардын, коомдун катышуусу менен өлкөдө минималдуу күч колдонуу менен кантип экстремизмди жана радикалдашууну токтото алабыз, маселе ушунда жатат. Талкууда кызыкдар тарап менен эл аралык уюмдар, серепчилер, мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары отуруп бир чечимге келдик. Анткени, баарыбыздын максатыбыз бир - мыйзамдын натыйжалуулугун максималдуу жакшыртуу. Адамды жазалабастан, профилактикалык иш-чараларды колдонуу менен экстремизмден, экстремисттик идеологиялык түшүнүктөн оолак алып кылышыбыз керек. Бул мыйзамда үч негизги багыт чоң мааниге ээ болуп саналат: биринчи, профилактика; экинчи, бөгөт коюу же боло турган кылмышты алдын алуу; үчүнчүсү, кылмыш болуп кете турган болсо, жоопко тартуу болуп саналат. Ошондуктан, биз профилактикалык иштерди күчөтүп, мамлекет билим берүү, диний, коомдук уюмдарды тартуу менен чогуу иштешип, эң негизгиси коомго агартуу иштерин жүргүзүп, бул ишти токтото алабыз”, - дейт Нурлан Исмаилов. 
 
Ал эми юрист Надежда Алишова: “Биз “Институт Медиа Полиси” коомдук фонду журналисттерди коргоо багытында иш алып барып жаткандыктан, жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү болгон бардык мыйзам долбоорлоруна жандуу катышып, эң ириде алардын укуктарын коргоп келебиз. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорундагы айрым беренелерде ЖМКнын жоопкерчилиги каралганына байланыштуу талкуулоонун башынан аягына чейин катышып, пикирибизди билдирип, өзүбүздүн салмактуу сунуштарыбызды бердик”,- деди.
 
“Жалпы кызыкчылыктарды изилдөө” эл аралык уюмунун Орто Азия боюнча жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун айтымында, бул мыйзам кабыл алынышы керек. Анткени аталган мыйзам Кыргызстан үчүн абдан маанилүү.
 
“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова экстремизм жана адам укугу боюнча мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу, эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча өлкөнүн мурдагы президенттери, мурдагы бийлик бул жаатта эч бир көңүл бурбаганын, көңүл бурса да адам укуктары тепселенген бойдон кала бергенин баса белгиледи: “Ички иштер министрлиги абдан жакшы демилге көтөрүп, жемиштүү иштердин аягына чыкты. “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, медиа эксперттердин катышуусу менен кызуу талкуулоо учурунда ар түркүн ойлор, сунуштар айтылып, бирдиктүү мыйзам долбоору иштелип чыккансыды. Мындан ары да ИИМ менен бул жаатта өнөктөштүк иретте кызматташууга, бирге иш алып барууга даярбыз”, - деди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.
 
Ал эми, укук коргоочу, эксперт Гүлшайыр Абдирасулова бул иш-чара мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында өткөнүн билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо ар кандай талаш-тартыштар болду. Бардык жагын карап, анын ичинде Конституциябызга каршы келбеген жактарын эске алдык. Иш-чарага катышкан жана идиректүү ойлорун айткан эксперттерге эч жактан басым, кысым болбоду. Баары эле ойдогудай болду дегенден алысмын. Бирок, эң негизгиси, мыйзам долбоорунун өзөгү, бир-эки жерин эске албаганда даяр болуп калды. Учурдан пайдаланып айтып кете турган жагдай, талкуу кыла турган аянтчаны түзүп берген, демилге кылган Ички иштер министрлиги алкоого татыды. Мындан кийин аталган министрлик менен иш алып барууга даярбыз". 
 
Тегерек столдо сөз сүйлөгөн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышып жаткан катышуучуларга ИИМдин жетекчилигинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. 
 
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү, ошондой эле колдонуудагы “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы карама-каршылыктарды жоюу менен Кыргыз Республикасында ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзам долбоорун талкуулап, бир бүтүмгө келдик. Бул мыйзамдын иштелип чыгышы бүгүнкү учурдун талабы экенин белгилеп кетмекчимин. Эки күндүк иш-чаранын алкагында аталган мыйзам долбоору катышуучулар тарабынан маңыздуу талкууланды, ар тараптуу айтылган сунуштарды эске алуу менен толук кандуу иштелип чыкты. Эми Кыргыз Респубикасынын Министрлер кабинетине сунуштайбыз.
Учурдан пайдаланып, бул иш-чараны уюштурууда колдоо көрсөткөн БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасына жана бул мыйзамды иштеп чыгууда зор салымын кошкон бардык эл аралык, жергиликтүү уюмдарга, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнө, эксперттерге жана мамлекеттик органдардын катышуучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындан ары да баарыңыздар  менен тыгыз кызматташууга жана биргеликте иш алып барууга даяр", - деди Жеңиш Жоробеков. 
 

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2