AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Казакстандагы кыргыз жарандарына үзгүлтүксүз консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө

Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, Казакстанда болуп жаткан окуяларды үзгүлтүксүз/күнү-түнү байкоо жүргүзүлүп, Казакстандын аймагындагы КРнын жарандарына тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча чаралар ыкчам түрдө ишке ашырылды.

WhatsApp_Image_2022-01-10_at_17.30.30.jpeg

КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Казакстан Республикасынын аймагында баш аламандыктар башталган күндөн тарта Казакстан Республикасысынын ТИМнин жетекчилиги түздөн-түз байланышта жана Казакстанда убактылуу жашап жана эмгектенген мекендештерибиздин коопсуз туруусу боюнча маселени көзөмөлгө алган.

         Министрликтин базасында Казакстанда жайгашкан КРнын жарандарына өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам жардам көрсөтүү боюнча оперативдүү Штаб уюштурулган, Казакстандагы КРнын жарандарынын ар бирине консулдук-укуктук даректик жардам берүү, алардын туугандары менен байланыш кармоо жана Казакстандын тийиштүү компетентүү органдары менен өз ара байланыш колдоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.  

Консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш берүү, жана жарандардын туугандарынын кайрылуулары үчүн КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде, Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору уюштурулган.

Алсак, 2022-жылдын 5-9-январында «ыкчам байланыш»  телефондоруна 1000ге жакын жарандан чалуулар түшүп, аларга керектүү түшүндүрүү иштери жана консультациялар берилип, Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан туугандары менен байланыш түзүүгө жардам көрсөтүлгөн.

         2022-жылдын 5-январында Алматы шаарында ички саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аймакта убактылуу же туруктуу жашаган жеринин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо менен, саясий акцияларга катышпоо,  эл көп чогулган жайларга барбоо жана жашаган жерлеринде калуусу тууралуу билдирүүлөр үзгүлтүксүз жарыяланып турду.

         2022-жылдын 6-январында консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Министрлик Алматы шаарында жайгашкан кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштурган. Атайын уюштурулган автобустар менен 42 жаран, анын ичинде чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасына алынып келинген.

         2022-жылдын 7-январында Министрлик «Кордай» көзөмөл-өткөрмө пунктунун убактылуу бир тараптуу жабылганына байланыштуу казак тарапка аталган чек ара пунктунун ачылышына көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон, натыйжада Мекенине кайтып келүүнү күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын 100дөн ашуун жаранына чек арадан өтүүгө жардам берилди

         Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы шаарынын ички иштер башкармалыгы менен Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциялардын жүрүшүндө Казакстандын Алматы шаарынын жана Алматы облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалгандыгын тактоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

         2022-жылдын 8-январында Министрлик тарабынан Казакстан Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына келген өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо зарылчылыгы, ошондой эле мүмкүн болуучу каттамдар тууралуу маалымат берүү боюнча консультациялык иштерди улантылды.

Министрликтин, Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Башкы консулдугунун ишеним телефонуна кайрылуулардын жыйынтыгы менен Алматы облусундагы кыргыздардын диаспоралык уюмдары менен биргеликте аймактагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо ишке ашты. 

2022-жылдын 9-январында атайын уюштурулган автобуста КРнын 14 жараны, алардын ичинде аялдар, балдар  Кыргызстанга кайтып келишти.

Ошондой жарандарды алып келүү маселеси КРнын Нур-Султандагы Элчилиги тарабынан иштелүүдө, учурда казак тарабы КРнын 15 жаранын алып келүү маселеси иштелүүдө.

2022-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Жошыбаев чакырылып, КРнын жараны В.Рузахуновдун камалышына байланыштуу Министрликтин Нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырылды.

Ошондой эле казак тарабына Казакстан Республикасындагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.

         КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

         Азыркы кезде В.Рузахуновду жакынкы убакта бошотуу боюнча казакстан тарабы менен иштелүүдө.

        2022-жылдын 9-январына карата Министрликте Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 5 жараны кармалганы тууралуу маалымат бар. Бул маселе боюнча казак тарап менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

         Министрлик Кыргыз Республикасына кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.

         Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Нур-Султан, Актобе, Атырау, Актау, Кустанай, Көкчетау, Петропавловск, Павлодар, Караганда шаарларындагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланышта.

         Министрлик Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү менен, ошондой эле Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен туруктуу байланышта.

Белгилей кетсек, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштерге казак тараптын компетенттүү органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралар, жарандардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына киргизилген чектөө чаралары, ошондой эле Интернеттин, мобилдик/стационардык байланыштын жоктугу. кедерги болууда.

Мындан сырткары, 2022-жылдын 9-январында Министрликтин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү Алматы шаарында жүргөн жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гуманитардык жардам көрсөтүштү.

         КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын Министрлик дагы бир жолу эскертип кетет, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 -  ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы Элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009;

КРнын  Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2