2024-12-24
Түрмөк
Бишкекте бир жумада 79 мас айдоочу кармалды
Бишкек шаарынын аймагында 10нан 16-декабрга чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 4 миң 740 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- мас абалында авто унаа башкаруу - 79;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 23;
- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 57;
- жасалма номер менен автоунаа айдоо -3;
- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 103;
- башка жол эрежелерин бузуулар 4 миң 475. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 284 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.