2024-12-24
Түрмөк
“Омикрон” штаммына вакцина табылды
Sinovac вакцинасы коронавирустун жаңы штаммы “Омикронго” таасирдүү. Бул тууралуу hurriyet.com.tr сайты жарыялады. Маалымтка ылайык, жаңы вакцинанын үч дозасы “Омикронго” каршы 94% нейтралдаштыруучу антителолорду пайда кылган.
Кытайдын Sinovac биотехнологиялык фирмасы тарабынан чыгарылган вакцинанын үч дозасы “Омикрон” вирусуна каршы 94%, ал эми эки дозадан кийин 35 %га таасирдүү экени аныкталган.
Компания Sinovac вакцинасынын эки дозасын алган 20 жана үч дозасын алган 48 адамга изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында антителолор биринчи топто жети кишиде, экинчи топтун 45 адамында пайда болгон.