AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо Кыргызстандын маданий мурасы катары катталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине кирди.

55.jpg

Мындай номинация өлкөгө кандай артыкчылык берерин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын демилгесинин кабыл алынышы Көчмөндөр оюндарынын статусун дүйнөлүк деңгээлде бекемдеп койду.
 "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо маданий мурастарды сактоодо дүйнөдөгү эң жакшы тажрыйба деп табылды. Биз Көчмөндөр оюндары кайдан чыкканын, кыргыз маданиятынын мурасы экенин жана башка мамлекеттердин да улуттук оюндарын сактоодо кандай жардам берерин далилдешибиз керек болчу. Баарын ырастагандан кийин ЮНЕСКО комитети жана комиссиясы "бул азыркы тапта улуттук маданий мурастарды сактоодогу эң жакшы аянтча" деп билдирди", — деди министр.
Ошондой эле ал Көчмөндөр оюндары мындан ары жөн эле долбоор эмес, дүйнөлүк маданий мурас катары таанылганын белгиледи.
"ЮНЕСКО бул өзүнүн тарыхы, басып өткөн жолу бар, дүйнө элдерине жаратмандык алып келүүчү аянтча экенин таанып жатат. Биз дүйнө коомчулугунда Көчмөндөр оюндары жөн гана долбоор эмес, маданиятты, спортту, улуттук оюндарды сактаган, башка мамлекеттерге үлгү болгон аянтча катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдык", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле министр дүйнөлүк номинацияга жетүү үчүн өлкөнүн улуттук федерациялары, мамлекеттик органдар, ЮНЕСКОнун өкүлчүлүгү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, Этно оюндар конфедерациясы жана башка уюмдар эки жыл бою иштегенин билдирди.
 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2