AUCA the best 2

2025-12-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сот саясатчы Равшан Жээнбековду абактан бошоткон жок

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын арызын канааттандырган жок.

211583815890_l.jpg

Адвокаттын өтүнүчү бүгүн, 8-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук жараяндын алкагында каралды. Судья Азирет Медеров Жээнбековдун бөгөт чарасы буга чейин аныкталып, 27-декабрга чейин абакта камоо тууралуу чечим чыгып калганын, аны өзгөртө албай турганын жүйө келтирди.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Жээнбековду эркиндикке чыгаруу маселеси менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Ондон ашуун укук коргоочу кол койгон кайрылууда Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо жана тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир жылдан ашса, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүшү керектиги белгиленген.

Мурдараак ушул мазмундагы кайрылууну президентке жана Башкы прокуратурага Жээнбековдун адвокаты жолдогон болчу. Саясатчыны бошотуу боюнча арыз №1 тергөө абагынын жетекчилигине жолдонгон.

"Сот "бул мыйзам күчүнө кире электе 27-декабрга чейин Жээнбековдун бөгөт чарасы узартылган болчу, мен өзгөртө албайм" деди. Демек, 27си бөгөт чарасын кайрадан караган учурда өзгөртөт деп түшүндүк. Мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу Жээнбековду бошотуу боюнча тергөө абагынын жетекчисине дагы кыйрылуу жасаганбыз. Тилекке каршы, сегиз күндөн бери жооп ала элекпиз", - деди адвокат Замир Жоошев.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.

Булак: Азаттык

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2