2024-12-25
Түрмөк
Нур-Султанда Кыргызстан менен Казактандын ортосунда бир катар макулдашууларга жетишилди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планы («Жол картасы»);
2. 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
3. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;
4. «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.