AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

x1059399.355f0c9171ab2c356594c50cd8f261a9.jpg.pagespeed.ic.VauUaqW6ZW.jpg

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде cиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик.

Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин.

Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар - сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда.

Ошол эле учурда биз эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпашыбыз керек. Алар обого чыкпаса да, сапаттуу материал даярдоодогу орду өтө чоң.

Ошону менен катар мамлекет жарандарыбыздын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо аракетинде экенин белгилейм.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!

Сиздердин ишиңерге болгон кесипкөй, жаратман, олуттуу мамилеңер Мекен тынчтыгын, эл ынтымагын сактоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо берерине ишенем.

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуудагы ары кызыктуу, ары түйшүктүү ишиңерди албан-албан ийгиликтер коштосун! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилейм! Кесипкөй ишмердигиңиздер арта берсин!”

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2