2024-12-25
Түрмөк
Бюллетендер кол менен 100 пайыз саналып бүттү
Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын баары толугу менен саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Бюллетендерди кол менен саноо 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин эле башталган.
Өлкөдө жана чет мамлекетте ачылган 2 494 шайлоо участкасындагы протоколдордун маалыматтары келип түшүп, бюллетендер кол менен 100 пайызга эсептелип бүттү.
Ага ылайык, беш пайыздык чектен алты партия өттү:
- "Ата-Журт Кыргызстан" — 17,30 пайыз;
- "Ишеним" — 13,63 пайыз;
- "Ынтымак" — 10,99 пайыз;
- "Альянс" — 8,34 пайыз;
- "Бүтүн Кыргызстан" — 7:04 пайыз;
- "Ыйман нуру" — 6,15 пайыз.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан.