AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Текебаевге кол салууга катышкандар саясатчыдан кечирим сурашты

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты. Окуяга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев мындайча түшүндүрмө берди.

388281_031-702x459.jpg

“Биз өкмөт үйүнүн алдында эле турганбыз. Аны өзүңөр деле көрдүңөр. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Болгону ортодо кызыкдар адамдар бизди кагыштырып атат. Сабайлы деп келген кишилер башкача болмок. Ортодо чагым болуп кетти. Негизи биз өкмөт үйүнүн алдында жарым саат, бир саат турдук”.

1-декабрда өкмөт үйүнүн алдына Кыргызстанда митинг, пикеттерди токтотууну талап кылгандар чогулуп бирок акция өтпөй калган. Ошол эле күнү алар өкмөт үйүнүн артында жайгашкан Park Hotel мейманканасында отурган Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Саясатчы аны сабагандарга дооматы жок экенин, бирок юридикалык жоопкерчилик болбосо аны уюштурууга катышкандарга саясий баа берилиши керектигин айтты.

“Президент “жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты” деп атат. Мени эле эмес “митингчилерди да кубалайбыз деп келишкен” дейт. Кубалоо деген – күч колдонуу деген сөз. Митингге мурунку спикерлер, мурунку өкмөт башчылар, мурунку депутаттар, кыздар, балдар барды. Аларды кантип кууйсуңар? Алар Конституциялык укугун пайдаланып жатат. Президенттин айтканы боюнча баарыңар соттолушуңар керек. Биринчи кезекте уюштуруп жөнөткөндөр соттолушу керек болот. Президенттин, байлардын, мэрлердин да сөзүнө кирбегиле. Алар келет, кетет”.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.

Булак: Азаттык

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2