2024-12-25
Түрмөк
БШК добуштарды кол менен эсептей баштады
БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштарды кол менен эсептей баштады.
Саат 12:00гө карата БШКга шайлоо участкаларынан 289 протокол келип түшкөн, бул 11, 59 пайызды түзөт. Жалпы 3 703 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык чыкты.
Белгилей кетсек, кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.