AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Парламентке өтпөй калган 4 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты

"Ата Мекен", "Улуттар биримдиги", "Азаттык" жана "Социал-демократтар" партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат. Бул тууралуу партия лидерлери "Ата Мекендин" кеңсесине чогулуп, билдирүү жасаган учурда айтылды.

photo1638084831-1024x766.jpeg

 

Ошондой эле алар БШКнын сервери шайлоонун жыйынтыгы эсептелип жаткан кезде жарым сааттай өчүп калгандыгы боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтууда.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев саноо учурунда партиялар алган добуштар 160 пайызга чыгып кеткени эле күмөн санатканын айтууда.

Ал эми "Азаттык" партиясынын талапкерлеринин башында турган Исмаил Исаков шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

"Шайлоо таза өткөн жок. Биз анын жыйынтыгын тааныбайбыз. Жокко чыгарылсын, жаңы шайлоо талап кылабыз. Бийлик шайлоону таза өткөрүп беребиз деген сөзүнө турган жок", — деди Исаков.
"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов БШКнын курамы толугу менен отставкага кетиши керек деген пикирде.
"Шайлоо дүйнө жүзүнүн алдында, онлайн негизде өтө олдоксон түрдө бурмаланды. БШКнын курамы толугу менен отставкага кетип, ордуна шайлоонун таза өтүүсүнө кызыкдар бардык тараптан өкүлдөр иштесин", — деди Мырзакматов.

"Социал-демократтар" партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков "президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, БШКнын сайты эмнеге иштебей калганын, кайдан ката кеткенин териштирүүсү керек" деген оюн айтты.

Эске салсак, 28-ноябрда кечинде шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыкканын айткан. Анын түшүндүргөнүнө караганда, автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кеткен.

Добуштардын 93,34 пайызы саналып бүткөн учурда "Ата-Журт Кыргызстан" – 16,36, "Ишеним" – 13,09, "Ынтымак" – 10,48, "Альянс" – 7,98, "Бүтүн Кыргызстан" – 6,5, "Ыйман Нуру" партиясы 5,88 пайыз добуш алды.

Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Акыркы жыйынтыкты БШК 18-декабрга чейин жарыялайт.

Булак: Спутник

Интервью

 

Жаңылыктар

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2