AUCA the best 2

2025-12-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

259609496_401432904997011_557921893390762815_n.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, гарнизондук саптык кароонун негизги максаты мамлекеттик масштабдагы КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Гарнизондук саптык кароого КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, башкы башкармалыктардын, кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эски аянтка ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрү: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички аскерлеринин аскер кызматчылары катышты.

Өздүк курамга шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамалар берилип, укуктары жана милдеттери тууралуу жеткирилди. Шайлоо күнү шайлоо участокторунда 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери кызмат өтөшөт. Аны менен бирге, ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери бекитилет.

Октябрь Урмамбетов өздүк курамга мамлекеттин туруктуулугу, жарандардын бейпилдиги жана ишеними милициянын бирдиктүү жана сапаттуу кызмат өтөөсүнөн көз каранды экенин айтты.

“Милициянын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири элдин ишеними экенин биз абдан жакшы билебиз. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көзөмөлдөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрүүдө ар бирибиз адилет иштеп кыргыз элине ак кызмат кылуу зарыл”, - деп белгиледи ал.

ИИМ башчысынын орун басары милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысына токтоосуздан ыкчам карап чыгып, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тууралуу билдирди. Милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жана эбегейсиз иштер турганын айтты.

“Ички иштер органдары шайлоо учурунда жетишээрлик деңгээлде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого даяр”, – деди Урмамбетов.

Ички иштер министрлигинин бардык түзүмдүк бөлүктөрү шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, бюллетендерди шайлоо тилкелерине коштоп жеткирүү, шайлоо жабдыктарынын жана иш-кагаздарынын сакталышы боюнча жоопкерчилик ИИОнун кызматкерлерине жүктөлгөн.

2021-жылдын 25-ноябрынан 29-ноябрына чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы “Күчөтөлгөн” күжүрмөн баскычына өткөрүлүп, кызмат өтөшүп, элдик кошуундар менен биргеликте күнү-түнү кызмат өтөөчү посттор уюштурулат.

Андан сырткары, республикадагы бардык маанилүү, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык жашоо тиричиликти камсыздоочу объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынат.

260586959_401432861663682_8152580354403875141_n.730x400.jpg

260168441_401432791663689_4583619135615814046_n.730x400.jpg

260735770_401432698330365_7011983185350076404_n.730x400.jpg

260121672_401432708330364_3129613742217181277_n.730x400.jpg

259976325_401432584997043_5922368847334659619_n.730x400.jpg

 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2